Пример HTML-страницы

Нарын облусунда сынактан 21 талапкер өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунда мектеп директорлугуна талапкерлерди тандоо боюнча сынактан 21 талапкер өттү.

Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчисинин орун басары Сейтек Кошалиевдин айтымында, тестирлөө Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан өткөрүлдү.

Тестирлөөгө 35 талапкер катышып, анын 14ү өтпөй калган.

  • Облус боюнча жалпы 35 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланган.

Райондор боюнча:

— Нарын районунда 7 талапкер өтүп, бири өткөн жок (сынак 8 мектептин директорлук кызматына жарыяланган);

— Ак-Талаа районунда 3 талапкер өтүп, төртөө өткөн жок (сынак 7 мектептин директорлук кызматына жарыяланган);

— Ат-Башы районунда 3 талапкер өтүп, төртөө өткөн жок (сынак 7 мектептин директорлук кызматына жарыяланган);

— Жумгал районунда 2 талапкер өтүп, үчөө өткөн жок (сынак 5 мектептин директорлук кызматына жарыяланган);

— Кочкор районунда 6 талапкер өтүп, экөөнө кайра сынак жарыяланмай болду (сынак 8 мектептин директорлук кызматына жарыяланган).

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, облус боюнча сынакка катышууга 110 талапкер документ жиберген. Алардын ичинен 30 талапкердин документтери жараксыз деп табылып, 4 талапкер тестирлөөгө келген эмес. Тестке жалпы 76 адам катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE