Пример HTML-страницы

Москва районундагы жол жээгинде коон, дарбыз саткандарга рейд уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районундагы Бишкек—Кара-Балта унаа жол боюнда жайгашкан борбордук базарда жол коопсуздугу боюнча рейд өттү. Бул тууралуу Беловодск айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, «Ярмарка», «Айдар» жана башка базарлар райондун борбору Беловодск айылында жайгашкан. Рейдге райондук ички иштер бөлүмү боюнча ЖКККБ, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышты.

«Районубуздун 12 айыл аймагында 100 миңден ашуун көп улуттуу калк жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү ортосуна бетон тосмо коюлган унаа жолдун эки бетинде жайгашкан борбордук базарга келип, керектүү азык-түлүк товарларын алышат. Учурда жашылча-жемиштер, коон, дарбыздар район аймагында бышып, дыйкандар аны сатуу үчүн борбордук базардагы унаа жол боюна унаалары менен туруп алышкан. Аларга шарт түзүү жана жол коопсуздугун сактоо максатында рейд өтүлүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE