Пример HTML-страницы

Мектеп директору Ж.Ниязбекованын кабарынан кийин ата-энелерден келген суроолор жамгырдай төгүлгөн

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу Жайылма айылынын 55 жаштагы тургуну Жаңылкан Ниязбекова мектепте чейрек кылымга жакын директор болуп эмгектенген. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

Анын айтымында, президенттин жарлыгын угар замат директорлук кызматтан кетүү чечимин кабыл алды. Жаштарды колдоо максатында кайра сынакка катышуудан баш тартты.

«Тагдыр, жашоо философиясы менин турмуш жолума мугалимдик кесипти ыроологонуна миң мертебе таазим кылам. Мугалим болгонума, жаш муундардын жүрөгүндө «менин эжейим» деп жазылып калганыма сыймыктанам. Ооба, 23 жыл айылдагы Асан Раимкулов атындагы Жайылма орто мектебин жетектедим. Убакыт учкан куш тура. Мен алгач директорлук кызматка келген учурда 1-класска келген окуучуларым 29-30 жашка толуп, үй-бүлө күттү. Ошондой артта калган күнгө ширелген жылдарымды эстеп, кээде көпкө ойлонуп отурам. Мугалимдерим, окуучуларым шурудай тизилип көз алдыман өтөт. Ар биринин мүнөзү, кыял-жоругу, мектеп турмушунун романтикалык күндөрүн эске салып, ичимден күлүп, жакшылыгын сыр түйүнчөгүмө түйүп, жаш баладай сүйүнүп да келем.

Балдар менен жашап жүрүп, бала кыялына жүрөгүм биротоло сугаралыптыр. Эми мектеп турмушу жөнүндө айтар сөз, кеп коломтосун козгоочу ойлорум көп. 23 жыл мектепти жетектесем, ар бир жылы бөтөнчө ийгиликтер менен коштолду. Өзгөчө, окуучуларым көп жылдан бери спорт оюндары, олимпиада жана башка сынактар боюнча 1-орунду ээлешип, мектептин туусун желбиретип келишет. Ырас, бир топ көйгөйлөргө карабастан мектептеги маселелер чечилди.

Баса, жакында президенттин 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлорунун кайрадан сынакка катышуусу жөнүндө жарлыгы чыкпадыбы. Мен аны эң туура кабыл алдым. Көп ойлонуп, толгонуп, өзүмдүн жеке кызыкчылыгымды коргоп отурбастан эле президенттин жарлыгын, жаштарды колдоо максатында мугалимдериме директорлук кызматтан кете турганымды WhatsApp тайпасынан эле жарыялап салдым. Кызык ошондо башталбадыбы. Арадан бир аз убакыт өткөн соң телефондун жаны тынбады. Туш тараптан чалышып, «эже, сизге эмне болду? Деги ден соолугуңуз жакшыбы? Кимдир бирөө сизди капа кылдыбы? деген суроолор жамгырдай төгүлсө болобу. Аларга жооп бергиче эле кабар айылга да таркап кеткен шекилдүү. Ата-энелер, окуучуларым: «сизди биз Жайылманын кеменгер айымы дейбиз. Эмне үчүн кызматтан кетип жатасыз? Чоңдор чоңдугун көрсөтүп, бирөөгө орун керек болуп жатыптырбы? Андай болсо, эл алар менен маселени чечет» десе болобу. Чынында ошондо көзүмдөн жаш алдым. Үйдөгүлөр таң кала үн сөзсүз эле мени жалдырап карашат. Мен ошондо кандайдыр бир деңгээлде кадырым эле сиңип, чыныгы ардактуу атуул болуп калганыма сыймыктандым жана элдик адам болуп ишеничке киргенимди сездим. Жетине албай, кесиптештериме, окуучуларыма, айылдаштарыма терең ыраазы болуу менен мугалим болуп калганыма сыймыктандым. Акыл токтотуп, ар бирине жекече да түшүндүрүп, 23 жыл жетекчи болуп иштениме кубанып, өз каалоом менен кызматтан кетип жатканымды, татыктуу мугалимди директорлукка көрсөтүүнү түшүндүрүп, алардан кечирим да сурап жибердим», — деди ал.

Ал андан ары үй-бүлөсү, ата-энеси кандай себептен Жаңылкан деген ысымды ыйгарганы жөнүндө мындайча баяндады.

«Мен 1967-жылы 11-ноябрда Жайылма айылында жөпжөнөкөй жумушчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. Атам мал чарбасында уйчу, апам талаа жумушунда кызылча терип,7 баланы тарбиялады. Мен куттуу үйүбүздүн бешинчи кызымын. Менден улуу эжем төрөлгөндө ырымдап, «атын Бурулкан коёлу. Эми бурулуш жасап, уул ээрчитип келсин» дешиптир. Анан мен да кыз болуп төрөлүп жатпайынбы. Апам мени төрөгөндө чоң энем төрөт үйүнө ысык тамагын белендеп барыптыр. Апам кыз төрөгөнүн угуп «дагы кыз экен» деп таарынып, тамагын кайра үйүнө көтөрүп кетип калган экен. Ошону эми эстеген сайын топтолгон жерде туугандар күлүп эскерип, ыраматылык чоң энемди эстеп, куран багыштап калабыз.

Айылдык мектепти 1985-жылы эң жакшы деген баалар менен аяктадым. Орто мектепти бүтүп, жоргорку окуу жайына тапшырып, 3-сынактан кулап, айылда саанчы да болуп иштедим. Совхоз жетекчилигинен жолдомо алып, кийинки жылы дагы ЖОЖго барып, окууга өтпөй калгам. Ошентип пара бербегенден көрө, бара бер дегендей, акыркы И.Арабаев атындагы КМУдан билим алып, өмүрүм мугалимдик кесипти туу тутуп, 23 жыл мектепти башкардым. Үй-бүлө күттүм. Уулум жетилип, небере жытына балкып жашап келем», — деди ал.

Жаңылкан Ниязбекова — Курама айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамынын, «Билим берүүнүн отличниги», «Даткайым», «Кеменгер» төш белгисинин ээси,

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE