Пример HTML-страницы

Манас районундагы милиционерлер окуучулар үчүн футбол мелдешин уюштурду

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунда Манас РИИБдин коомдук коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан окуучуларга спорттук оюн уюштурулду. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, алардын арасында достук мамилени бекемдөө максатында Манас районунун Покровка айылында футбол боюнча мелдеш өттү. Иш-чаранын ачылышында Манас РИИБдин башчысы Айбек Акматов окуучуларды ынтымакта болууга чакырды. Ал спортко кызыгуу, аны менен машыгуу сергек жашоого алып келип, ар кандай жаман адаттардан алыстата турганын билдирди.

Мелдешке Покровка, Үч-Коргон, Кайыңды, Кыргызстан, Май айыл өкмөтүнүн мектептеринин окуучуларынан жалпы 12 курама команда катышты. Аталган иш-чарага айыл өкмөт башчылары демөөрчүлүк кылып, керектүү белектерди, сыйлыктарды жана чыгымдардын каражаттарын камсыз кылып беришти.

Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Покровка орто мектеби, 2-орунду Кызыл-Жылдыз айылындагы орто мектеби, 3-орунду Ак-Таш айылындагы А.Жолдошбеков атындагы орто мектебинин курама командалары ээлешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE