Пример HTML-страницы

Лейлектин Сумбула айыл аймагында 210 млн сомго таза суу тартылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак, Искра, Сары-Дөбө айылдарында жашаган 2500гө чукул кожолукту таза суу менен камсыз кылуу долбоору жүрүп жатат.

Долбоордун жалпы болжолдуу баасы 210 млн сомдун айланасында.

Сумбула айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, учурда Андарак жана Искра айылдарында 70 пайзыга жумуш бүткөрүлгөн. Сары-Дөбө айылына таза суу жеткирүү боюнча келишим жакында түзүлөт.

«2500дөй кожолуктун ар бир үйгө таза суу киргизилип, эсептегичтер коюлат. Таза суу менен камсыздоо иштери негизинен 2022-жылы башталып, долбоорло иштери жүргүзүлгөн. Каржылоо ачылгандан кийин тартуу иштери башталды», — деди ал.

Сумбула айыл аймагында жалпысынан 4 айыл болуп, 16 миң 700дөн ашуун кожолук жашайт. Ал эми кожолуктун саны 3488ди түзөт. Эң чоң айылдардын бири Андаракта 1700дөй түтүн жашап, калкынын саны 8 миңден ашык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE