Пример HTML-страницы

Лейлектеги адамды көрүнөн кайра казып алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushМай айында Лейлек районунда денеси суудан табылган 38 жаштагы Зулкайнар Сыдыковдун бир туугандары анын өлүмүнө шектелгендерди жазага тартууну талап кылышууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Бир туугандарынын айтымында, 28-май күнү Лейлек районунун Козу-Баглан дарыясынан Катраң айылынын 1984-жылы туулган тургуну Зулкайнар Сыдыковдун денеси табылган. Ошол эле күнү маркум жерге берилгени менен сөөктү казып алып, экспертиза жүргүзүлгөн. Натыйжада аны менен кошо дачага барган 2 адам шектүү экени белгилүү болгон.

«28-май күнү уулум Зулкайнар Ж.М., К.М. деген адамдар менен Өзгѳрүш айылына эс алууга барган. Экөө ушул эле күнү түнкү саат 11:00 чамасында «Зулкайнарды жоготуп койдук» деп, эртеси 29-май күнү эртең менен саат 05:00дө уулумдун аялына чалып айтышкан. Андан соң кичине уулум издегени Өзгѳрүш айылына барган. Ал жерде Ж.М. жана К.М. үчѳѳ токойлорду, дачаларды, суу жээгин карашкан. Таппагандан соң кайра Катраң айылына келип, туугандарды чогултуп, кайра Өзгѳрүш айылына издегени барган. Алар да табышкан эмес. Акырында эки-экиден болуп, Козу-Баглан дарыясынан издемей болуп жѳнѳшкѳн.

Саат 14:00-15:00 чамасында суу бѳлүштүргүч жерге жеткенде Ж.М. менен К.М., (экөө бир тууган) «бут кийиминин бирѳѳсүн суу боюнан таптык» деп кошулуп издешкен Жамал деген абасына чалышкан. Андан соң Жамал абасы жана башка адамдар суу бѳлүштүргүчтүн ичинде адамдын бутуна окшош нерсени кѳрүп, кабар беришкен. Андан соң туугандар барып, мурапты да чакырып, ал жерден чыгарууга аракет кылышкан. Бирок мүмкүнчүлүк болгон эмес. Мурап суу топтолуучу челекти ачканда уулумдун денеси дарыяга агып жѳнѳгѳн. Ылдыйга чуркашып, денени 300-400 метр ылдыйдан чыгарып алышкан. Анын денесинде бир да кийими, бут кийими жок болгон.

Ал жерден тапкан адамдардын айтымында, уулумдун колдору кѳкүрѳгүнѳ жабышып, муштумдары түйүлгѳн абалда катып калган. Ошол бойдон саат 16:00 чамасында менин үйүмѳ уулумдун денесин алып келишкен. Аксакалдар «жаздын күнү эртелетип денени жерге койгула» деп, кечки саат 20:00гѳ жаназа белгилешкен. Маркумдун денесин жууганда денесинде кѳк ала тактар байкалган, башы жарылган, кѳзүнүн асты жагы жырылган жана кѳздѳрү кѳгѳргѳн абалда болгон. Оозунан эч кандай суу чыккан эмес. Ошол бойдон жаназа окулуп, жерге берилген», — деди маркумдун атасы Махмасали Сыдыков.

Бирок маркум менен кошо жүргөн Ж.М. менен К.М.нын көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбей, күмөн жарата баштаган.

«Ж.М. менен К.М. «Телефонго алаксып отурганыбызда Зулкайнар музыка коюп бийлеп жаткан. Кийин эле аны таппай калдык. Аны ар кайсы жактан издеп, үйүнѳ кеткен окшойт деп биз да үйгѳ келип жатып алдык» деп айтышкан.

Адамдардын айтымында, тирүү адам сууга түшүп агып кетсе, ичине суу толуп калат. Бирок агамдын денеси табылгандан кийин оозунан эч кандай суюктуктар аккан эмес. Жаназадан 3 күн ѳтүп, жогорудагы күмѳн саноолорго кошо ар кандай имиш-имиштер угулуп, Ж.М. менен К.М.нын да айткандары эки башка чыга баштагандыктан аксакалдар чогулуп, «Тууган адамдарбыз, окуяны болгондой айткыла. Силердин сѳзүңѳр эки башка чыгып жатат. Ортодо туугандарча чечишели» дегенде алар мурунку айткандарын дагы ѳзгѳртүп, бирок ѳлтүргѳнүн моюнга алышкан эмес.

Алар маркум жоголгон түнү саат 01:00дө Жамал абасына келишкени маалым болгон. Бул нерсе аксакалдар чогулушунда белгилүү болгон. Маркумдун кыркын ѳткѳргѳндѳн кийин Өзгѳрүш айылындагы Козу-Баглан дачасында иштегендерге барып, агам менен Ж.М., К.М. үчѳѳ спирт ичимдигин ичишкени, ал жерде чынылардын сынганы, чыныда кандын тагы болгону, Ж.М. менен К.М. түнү менен кандын изин бекитип, жууп-тазалаганын тактадым. Ошол күнгѳ чейин дачанын ээсине Ж.М. менен К.М. телефон чалып, «Сѳз бир болсун, башка маалымат бербе. Кан тазалаганыбызды айтпайсың» деп коркутушканын дачанын ээси айтып берген. Шектүү Ж.М. эс алуу жайын иштеткен балага жолугуу үчүн Кулунду айылына да барып келгени белгилүү болгон.

Ошол бойдон биз Лейлек райондук ички иштер бѳлүмүнѳ арыз жаздык. Ошондон соң Ж.М. менен К.М.ны агасы Жамал суракка алып келген. Сурак учурунда дача ээлери менен шектүүлѳрдү беттештиришкенде алар Зулкайнар менен мушташканын ачыктаган. Экөө «маркумдун телефонун кѳргѳн эмеспиз» дешкен болчу. Бирок кийин дачанын ээлерине «паролун ача албай жатабыз, чала албай жатабыз» деп айтышкандыктан беттешкенде маркум табылгандан соң телефонун дарыяга ыргытышканын айтып беришкен. Ушунча шектүү маалыматтар болсо да Ж.М. менен К.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилген эмес. Сурактан соң үйүнѳ коё берилген», — деди маркумдун бир тууганы Бактыяр Сыдыков.

Маркумдун бир туугандары тергөө эртелеп, күнөөлүүлөр жазасын алсын деп талап кылышууда.

«Тергѳѳ тарабынан эксгумация белгиленген. Эксгумациядан 1 күн мурда К.М. кичүү балабыз Бактиярга телефон чалып, «Биз алдыңарга ѳтүп, болгонун болгондой айталы, ачык сүйлѳшѳлү» деп айткан. Кечинде туугандары менен үйгө келишти. Бирок анда мурдагы кѳрсѳтмѳлѳрүнѳн башка эч нерсе айтышкан эмес. Тергѳѳдѳ айтылган маалыматтарын да жашырып айткан жок. Биз ушундай экен деп айткандан кийин гана мойнуна алышты. Ошол боюнча таркап кетишти.

Эртеси эксгумация болду. Бардык анализдерин тийиштүү эсперт алып кетти. Ошол күнү Ж.М.нын үйүнѳ милиция кызматкерлери суракка алып кеткени барышса, ал ѳзүн-ѳзү асып, иниси куткарып, ооруканага жаткырылган. Ооруканадан акыл-эси ордунда эмес деген жыйынтык алууга аракеттенишкен. Бирок ал жердеги дарыгерлер макул болушкан эмес.

Экспертизанын жыйынтыгы чыкканча бир дагы тергѳѳ иштери жүргүзүлбѳдү жана шектүүлѳр тергѳѳгѳ чакырылбай, эркиндикте жүрүшѳт. Бул аралыкта шектүү Ж.М. досторуна, тааныштарына «Экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Мен күнѳѳлүү эмес экенмин» деп, ар кандай сѳздѳрдү чыгарып, эл арасына имиш-имиштер чыга баштады.

11-июлда Раззаков шаарына милицияга бардык. РИИБдин башчысына кирдик. Тергѳѳчү «Жыйынтыкты бүгүн алдым. Эми таанышабыз» деди жана мага жана каза болгон агамдын аялына тааныштырышты. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча каза болгон агамдын денесиндеги кѳк ала тактар тирүү кезинде болгон. Бирок экспертизанын жыйынтыгы ѳлүм тумчугуунун негизинде болгонун кѳрсѳтүптүр.

Жогоруда айтылгандай экспертизанын жыйынтыгы боюнча маркумда сууда тумчугуунун белгилери болсо да, ага чейин ур-токмокко алынганы чын болуп жатат. Демек кылмыш белгилери бар. Балким сууга атайын тумчуктурган же чала жан кылып ыргытышкан болушу мүмкүн.

Ошондуктан ушул ишти кѳзѳмѳлдѳп, кыскарып кетпеши үчүн тийиштүү кызматтардын жардам беришин суранабыз. Себеби шектүүлѳрдүн туугандары биз арыз жазгандан бери ѳзү жашаган Катраң айылында кѳп болбой, ушул ишти бүтүрүү үчүн ар жактарга чуркап жүрѳт. Бир тууганыбыздын ѳлүмүнѳ себепчи болгондор тийиштүү жаза алышын талап кылабыз», — деди маркумдун бир тууганы Арзыкан Сыдыкова.

Маркумдун артында 3 уул, 1 кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE