Пример HTML-страницы

Кытайдан келе жаткан жүк ташуучу унаалар Чыйырчык ашуусунда маселе жаратып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКытайдан келе жаткан оор жүк ташуучу унаалар Алай районунун Чыйырчык ашуусунда маселе жаратып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүндөгү штабдын жыйынында Алай районунун акиминин биринчи орун басары Шерикбай Жапанов билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын оор жүк ташуучу унаалары ашуудан түшө албай калууда. Унаалардын дөңгөлөктөрү алмаштырылбай, тайгаланып жатат.

Буга чейин Turmush басылмасы Чыйырчык ашуусунда оор жүк ташыган унаа аңтарылып кеткенин жазган.

Маалым болгондой, жолдун тайгагынан улам Чыйырчык ашуусунда 5-6 чакырым узундукта унаалардын кезеги пайда болгон. Жеңил унаалар ашуудан 1 саатта өтүп жаткан.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, оор жүк ташуучу унааны Кытайдын жараны башкарып бара жаткан.Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE