Пример HTML-страницы

Кош-дөбөлүк тургундар Ормон хандын ысымын бириктирилген айыл аймакка берүү демилгесин көтөрүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын тургундары Ормон хан Ниязбек уулунун ысымын аймактык реформадан кийинки бириктирилген айыл аймакка коюп берүү боюнча демилге топ түзүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин айрым айыл-райондордун аталыштарын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окуудан өткөн. Ага ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Ормонхан айыл аймагы деп аталмак. Бирок Кочкор районунда жүргүзүлүп жаткан административдик аймактык реформага ылайык, райондогу 11 айыл өкмөтү кыскарып, 5 айыл аймакка бириктирилет.

«Кош-Дөбө айыл аймагы, Ак-кыя айыл аймагы, Кочкор айыл аймагы, Көк-Жар айыл аймагы, Семиз-Бел айылы бириктирилип, бир аймак болору тууралуу мерчемделүүдө. Ошого байланыштуу Ормон хандын ысымы Кош-Дөбө айыл аймагына берилген менен айыл аймактары бириккенде өзүнөн-өзү жоюлуп калганы турат. Ошондуктан Кош-Дөбө, Ак-Кыя, Семиз-Бел, Көк-Жар, Кочкор айыл аймагын бириктирип, аны Ормон хан айыл аймагы деп атап берүүнү өтүнөбүз», — деген демилге топтун мүчөлөрү президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Кочкор районунун акимине кат жолдошууда.

Демилге топту түзүү боюнча жыйындар Кара-Саз, Кара-Күнгөй айылдарында өттү. Жыйындар башка айыл өкмөттөрдө да өткөрүлүп, бириктириле турган айылдарда да демилге топтор түзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE