Пример HTML-страницы

Корул айыл өкмөтүнүн эли 8 млн сом чогултуп, жол оңдошту. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнүн эли каражат топтоп, Кең-Жылга айылындагы 1 км 800 метр жолго асфальт төшөдү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Мустафа Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, жол курууга 8 млн сомго жакын каражат жумшалды. Демөөрчүлөрдүн көбү — Корул айыл аймагынын чет жактарда жана Бишкек шаарында иштеп жүргөн тургундары.

«Жолду курууда техникалар мамлекет тарабынан берилип, асфальт төшөлдү. Каражат жергиликтүү эл тарабынан топтолду. Жалпы 8 млн сомдой жумшалды. Пенсиясынан 1000 сом бергендер болду. Буга чейин жолдун абалы өтө начар болчу. 12-ноябрда колдонууга берели деп жатабыз», — деди Мустафа Турганбаев.

Айыл өкмөт башчы Тогуз-Булак айылында да жергиликтүүлөрдүн каржылоосу менен көпүрө курулуп жатканын кошумчалады. Буга чейин бул жердеги көпүрөнү сел бузуп кетип, тургундарга бир топ көйгөйлөрдү жаратып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE