Пример HTML-страницы

Кочкорлуктар Суусамырда карышкырдын чоң үйүрүн видеого тартышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун мергенчилери Суусамыр жайлоосунан төрт карышкыр атышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мергенчилер билдиришти.

Чабандар Суусамырда карышкырлар күч болуп, малчылардын жылкыларын жеп тынчтык бербегендиктен, кочкорлук мергенчилерди чакырууга аргасыз болушкан.

Кочкор аймагында карышкыр атып жүргөн мергенчилер Темирбек Кыдырбаев, Турар Мамбетсадыков, Сабыр Суусамыр жайлоосуна барып, алты бөлтүрүк, бир канчык карышкырды көрүп, ата албай коюшкан. Эртеси күнү Суусамырдын Каракол тоосунан үч канчык, бир чоң дөбөт, алты бөлтүрүктү эс алып жаткан жеринен көрүшкөн.

Мергенчилер Суусамырдын Каракол деген жеринен 10 карышкырдын ичинен чоң дөбөт жана канчык карышкырды, бир бөлтүрүктү атып алышкан. Дагы бир карышкырга ок тийип, ичеги-карыны чубалган бойдон коргулга кирип кеткен. Мергенчилердин айтымында, дагы алты карышкыр качып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE