Пример HTML-страницы

Кочкорлук тургун улгайган эжесинин ишеничине кирип, байлыкка ээ болгон. Бирок көздөгөнү ишке ашпай калды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районунун тургуну тууганынан үй алдап алганы үчүн жаза алды. Анын иши Жогорку сотко чейин жетти.

  • Айыпталуучу Кабыл (аты өзгөртүлдү, К.у.К.) 1991-жылдын 2-мартында туулган, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Убакылуу иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Кабыл 2020-жылдын 16-ноябрында өз кызыкчылыгын көздөп чоң атасынын бир тууган эжеси Чынардын (аты өзгөртүлдү, У.Ч.) үйүнө барган. Аны багам деп ишеничине кирип, карылыгы жеткендигинен пайдаланып, «мен сизди карайм, багам» деп алдап, автоунаага салып, өзүн жалгыз ээрчитип, Кочкор райондук мамлекеттик каттоо кызматына алып барган. Ал алдоо жолу менен сатып алуу келишимине кол койдуруп, Чынарга таандык үйдү эч кандай акча бербей, өзүнүн наамына өткөрүп алган.

Мамлекеттик каттоо кызматынан сатып алуу келишимине кол коюу учурунда Кабыл эч кандай акча каражатын бербегенин, бул убакытка чейин анын атасы К.И. 2014-жылдын 24-апрелинде аталган үйдү Чынардан «белекке бер» келишиминин негизинде өзүнө каттатып, бирок Чынар келишимден баш тартып, сот аркылуу кайрадан өзүнө каттатып алганы аныкталган. Кабылдын аракетинин кесепетинен жабырлануучуга 20 000 АКШ долларын түзгөн материалдык чыгым келтирилген.

Мындан сырткары Чынар акчасын банкта сактап жүрүп, 2020-жылдын ноябрь айында Кабылдын банктык эсебине сактап туруу үчүн 435 971 сом өткөрүп берген. Кабыл аны өз кызыкчылыгына пайдаланып, жок кылган.

Айыпталуучу Кочкор райондук сотунун 2022-жылдын 29-июлундагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) жана 210-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен күнөөлүү деп табылып, жазаларды кошуу жолу менен биротоло 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробацияны колдонуу) негизинде 2 жылга пробациялык көзөмөлгө алынган.

Айыпталуучудан жабырлануучунун пайдасына 435 971 сом өндүрүү көрсөтүлгөн.

Нарын облустук сотунун соттук коллегиясынын 2022-жылдын 27-октябрындагы өкүмү менен Кочкор райондук сотунун 2022-жылдын 29-июлундагы өкүмү өзгөртүлгөн. Кабыл Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде дайындалган эркиндигинен ажыратуу жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген.

Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренсинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту: белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон адамдарга, түзөтүү жумуштары жана коомдук иштер, эркиндигин чектөө жана айып түрүндөгү жазалары эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган, ошондой эле пробациялык көзөмөл жокко чыгарылып, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган адамдар жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында жаза өтөйт.

Жабырлануучуга келтирилген 435 971 сомду 1 жылдык мөөнөт ичинде толтуруу айыпталуучуга милдеттендирилген.

Айыпталуучу биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордо күнөөсүн мойнуна албай, ар кандай көрсөтмөлөрдү берген. Ал 2015-жылдан баштап 2021-жылга чейин Чынарга «20 000 миң долларды үйдүн эсебинен бергем» дегени менен, аталган акчаны бергендигин тууралуу соттук отурумда эч кандай далилдерди келтире алган эмес. Ошондой эле тил кат да алынган эмес. Мындан сырткары Чынардан үйдү сатып алуу үчүн мал сатып, акчасын бергенин айткан. Бирок Кабылдын атында мал-жандыгы болгон эмес. Атасынын айыл өкмөт тарабынан берилген чарба китебинде малы сатылгандыгына байланыштуу азайгандыгы тууралуу маалымат көрсөтүлбөгөн.

Жогорку сотко айыпталуучу жана анын жактоочусунан кассациялык даттануу түшкөн. Алар биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун өкүмүн жокко чыгарып, айыпталуучуну актоону сураган.

Жогорку сот 2023-жылдын 23-январында иштин материалдарын карап, Нарын облустук сотунун соттук коллегиясынын 2022-жылдын 27-октябрындагы өкүмүн күчүндө, айыпталуучу менен жактоочусунун кассациялык даттануусун канааттандыруусуз калтырды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE