Пример HTML-страницы

Кочкордогу мейманканага барган жигит шериктеринин жыныстык катнашына күбө болгон. Ал окуянын чоо-жайын айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор райондук соту мейманканадагы зордуктоо боюнча өзгөчө оор кылмышты жаап-жашырган жарандын ишин карап, 2023-жылдын 10-апрелинде өкүм кабыл алды.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Салмоор (аты өзгөртүлдү, С.Т.) 2022-жылдын 13-ноябрына караган түнү саат 01:30 чамасында Кочкор районундагы мейманканалардын биринде Сокулук районунун 2008-жылы туулган тургуну Таалайкүлгө (аты өзгөртүлдү) карата күч колдонуп, эркине каршы зордуктаган. Бул окуяга күбө болгон айыпталуучу Байтур жабырлануучунун жардам сураганына карабай, өзгөчө оор кылмышка көз жумуп, аны жаап-жашырган.

Байтурга карата Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесинин 2-бөлүмү (өзгөчө оор кылмышты мурда убадалашпаган жаап-жашыруу) менен айыптоо актысы түзүлүп, кылмыш иши негизинен кароо үчүн Кочкор райондук сотуна жиберилген.

Соттук отурумда айыпкер Байтур ага коюлган айыпты толугу менен мойнуна алып, буларды көрсөттү. 2022-жылдын 11-ноябрь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында үйүндө отурган учурда чала таанышы Салмоор «Mercedes Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унаасы менен келген. Анын жанында жабырлануучу Таалайкүл болгон. Салмоор Байтурга «Кочкор районуна барып, картошка алып келели» деген. Айыпталуучу Байтур макул болуп, үчөө Кочкор районуна жөнөшкөн. Жолдо баратканда Салмоор: «Бул кыз келечекте сенин жеңең болот. Үйлөнөбүз» деген.

Токмок шаарына жеткенде Салмоор Кочкор районуна чейин спирт ичимдиктерин ичип барган. Кочкор айылына келгенде үчөө унаада түнөп, эртеси, 12-ноябрь күнү Ак-Кыя айылына барышкан. Ал жерден картошка сатчу кишини таппай, кайра артка кетишкен.

Салмоор мас абалда болгондуктан, унаасын башкара албай, жолдун боюна чыгып, дарактарды сүзгөн. Жол кырсыктан эч ким жаракат алган эмес. Андан кийин үчөө унаа тосуп, Кочкор айылына болжол менен саат 20:00дө келишкен.

Үчөө мейманканалардын бирине барып, бир бөлмө алышкан. Байтур болжол менен саат 01:00гө чейин сыналгы көрүп, андан кийин аны өчүрүп жаткан. Бул маалда жабырлануучу менен Салмоор (ар бири өзүнүн керебеттеринде) уктап жатышкан. Бир маалда Салмоор керебетинен туруп, Таалайкүлдүн жуурканын ачып, ага күч колдонуп зордуктап баштаган. Жабырлануучу: «Өзүңүздүн ордуңузга барып жатыңыз» деп ага карата каршылык көрсөткөн. Бирок, акыры экөө жыныстык катнашта болушкан.

Байтур белгилегендей, алардын бул көрүнүшү күн чыкканча уланган. Андан кийин алар кезек менен жуунуучу жайга барып жуунуп келишкен.

Эртең менен саат 09:00дө Салмоор Байтурга тамак алып кел деп, 500 сом берип жатып: «Бирөөгө айтсаң, өлтүрүп коем» деп коркуткан.

Байтур көчөдөн манты алып келип, үчөө чогуу отуруп тамактанышкан. Андан кийин айыпталуучу жол боюнда калган унааны дарак тараптан чыгарып, кайра мейманканага келген. Ошол маалда милиция кызматкерлери келип, үчөөнү бөлүмгө алып кетишкен.

Жабырлануучу Таалайкүлдүн айтымында, 2022-жылдын 11-ноябрь күнү таанышы Салмоор телефон чалып: «Мага Бишкек шаарынан батир керек болуп жатат» деп айткан. Анда Салмоор: «Мени менен чогуу Нарын облусуна барып кел, таң атканча кайра келип калабыз. Келгенден кийин сага батир таап беребиз» деген. Таалайкүл макул болуп, Байтур үчөө Кочкорго барышкан. Бирок картошка сата турган киши үйүндө жок болгондуктан, кечинде келгиле деген. Андан кийин Кочкор айылындагы конок үйүнө барышкан. Ал жердин кожоюну Салмоордон «жаныңыздагы кыз ким болот?» дегенде, Салмоор: «Аялым болот» деп жооп берген. Бирок, үйдүн кожейкесине «карындашым болот» деп жооп берген.

Ошентип алар бир бөлмө алып, кирип жатып алышкан. 13-ноябрда болжол менен түнкү саат 01:30 чамасында жанына Салмоор келип, төшөгүн ачканда, жабырлануучу чочуп ойгонуп кеткен. Андан кийин ал Таалайкүлдүн жанына жатып, чечиндирип баштаган. Жабырлануучу ага каршылык көрсөткөндө, Салмоор колдорун бекем кармап, экөө 15-20 мүнөттөй жыныстык катнашта болушкан. Бул учурда Таалайкүл болгон үнү менен кыйкырып, жардам сураган. Бирок аны эч ким уккан эмес.

Андан соң Салмоор өзүнүн керебетине барып жатып алган. Таайлакүл өзүн жаман сезип, ичи катуу ооругандыктан, уктай албай эки жарым сааттан кийин жуунуучу жайга кирип, жуунуп чыккан. Андан кийин уктап калган. Саат 10:30 чамасында дагы бир жолу жуунуучу жайга кирип, жуунуп чыккан. Салмоор кайра арак ичип, мас болуп, кечке чейин уктап жаткан. Ал эми айыпкер Байтур унааны оңдоткону кеткен.

Андан кийин эле милиция кызматкерлери келип, аларды райондук милиция бөлүмүнө алып кетишкен. Ал жерге апасы келип, Кочкор райондук ооруканасына барып көрүнгөн. Апасы милицияга арыз жазган.

Таалайкүл Байтурга карата эч кандай доосу жок экендигин айтты.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү, жабырлануучу Таалайкүлдүн апасынын айтымында, кызын «телефон карабай, сабак оку» деп урушкан. Ошондо кызы үйүнөн чыгып кетип, телефон чалууларга жооп бербей койгон. Кызын издеп, курбу кыздарына, мугалимине телефон чалган. Жыйынтык болбогондуктан, милицияга кайрылган. Андан кийин кызы Кочкордон табылган.

Ал Байтурга карата эч кандай доосу жок экендигин айтып, ага карата жеңил жаза белгилөөнү суранды.

Байтур Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесинин 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, ал жаза өтөөдөн бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE