Пример HTML-страницы

Кочкордогу дыйкандар чычырканак менен карагат көчөттөрүн көбөйтүүнү мерчемдеп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун дыйкандары айыл чарбасын жакшыртуу максатында чычырканак, карагат көчөттөрүн көбөйтүүнү мерчемдеп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Дыйкандарга Жети-Өгүз районунан келген багбан Азамат Маджиков дыйкандарга түшүндүрмө берди. «Биздин питомниктен Чекилдекте эки гектар жерге тибен, чийсен сортун отургузгам. Быйыл экинчи жыл болду. Кочкордо кургак шамал болуп тургандыктан, суукта түшүм берүүчү бутактары үшүп кетип, жакшы өсө албай жатат окшойт. Бул сорттогу карагат көлдө жакшы түшүм берүүдө. Демек, Кочкорго Европада иштетилген көчөттөр ылайык келбейт окшойт. Мындай көчөттөрдү отургузуу кооптураак. Андан көрө суукка туруктуу келген Россиянын көчөттөрүн отургузсаңар туура болот. Булардын түшүмү тиги көчөттөрдөн азыраак болгон менен өзүн-өзү актайт.

Кочкор жергесинде чычырканак менен карагат жакшы өсөт. Карагатты шамал болбогон ыктоо жерге өстүрүш керек. Болбосо шамалды тосуп, күн азайта тургандай кылып, дарактарды отургузуп койсоңуздар жакшы. Мөмө-жемиш дарактарын өстүрүү жер айдап, чөп чаап саткандан, буудай айдагандан көрө он эсе пайдалуу. Дыйкандар көбүнчө жакшы жерлерине чөп, картошка айдап, таштак жерлерге дарак тигишет. Мөмө дарактарды эң жакшы деген жерге тигүү керек.

Чычырканак Кыргызстандын бүт жерине өсөт. Бирок, Нарын, Ысык-Көл облустарында жакшы өсөт. Кочкордо Болот Асанбеков деген фермер жапайы чычырканакты үй шартында иштетип жатканын көрдүк. Карагат да жакшы түшүм берип жатыптыр. Ошондуктан башка жакка барбай эле өзүңөрдүн алдыңкы дыйкандардан үйрөнүп, жергиликтүү көчөттөрдөн алып тиксеңиздер да болот. Биз сунуш кылып жаткан колдо өстүрүлгөн чычырканактын тикенеги жок. Ошол себептен аны корубаса, бакты мал жеп коет.

Чычырканак Кочкордун бардык жеринде өсөт. Жапайы чычырканактын кычкыл даамы көбүрөөк, ал эми тикенексиз чычырканак даамдуурак жана мөмөсү да чоңураак Чычырканактын бир түбүнөн 4-5 килограмм, эгер жакшы бакса 10 килограмм түшүм алса болот. Бир гектар жерге 3500 түп тикенексиз чычырканак отурзууга болот. Ошондо канча пайда көрүп жатасыңар», — деди ал.

Фермер Болот Асанбеков: «Кочкордо 70 километр жерде жапайы чычырканак өсүп жатат. Бекер түшүм. Ошону терип алып эле иштетип акча тапса болот», — деди .

Кочкорлук дыйкандар карагат, чычырканак боюнча социалдык тармактардан маалыматтарды тарата башташты.

Буга чейин бир ай мурда дыйкандар менен Мөмө ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтагазиев жана башкалар жолугуп, Германия өлкөсү чычырканактын 50 тонна пюресин сатып алабыз деп жатканын, бирок анча тоннаны камсыз кылуу үчүн чычырканактын көчөттөрүн көбүрөөк тигүү керектигин айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE