Пример HTML-страницы

Кичи футбол боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу кубогунда кеминдиктер 3-орунду камсыздашты

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 30-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында «КРдин жергиликтүү өз алдынча башкаруу кубогу» кичи футболунун финалдык мелдеши жыйынтыкталды.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, жыйынтыктоочу оюнда Кемин районунун курама командасы 3-орунду алды.

Буга чейин обулустарда тандоо турлары уюштурулуп, Ош облусунун Кара-Суу району, Баткен облусунун Баткен району, Жалал-Абад облусунун Ноокен району, Чүй районунун Кемин району, Талас облусунун Талас району, Нарын облусунун Жумгал району, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу раойну 2-турга өтүшкөн болчу.

Ошентип финалдык мелдеште төмөнкү командалар ийгиликке жетише алышты:

— 1-орун — Шаардык кеңештердин төрагаларынын командасы (республикалык жана облустук маанидеги);

— 2-орун — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук командасы (айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары);

— 3-орун — Чүй облусунун Кемин районунун командасы (айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары).

Мындан сырткары «Мыкту дарбазачы», «Мыкты коргоочу», «Мыкты чабуулчу» номинациялары менен дагы сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE