Пример HTML-страницы

Келечекте программист болууну самаган суусамырлык Бекбол облустук олимпиадада ат салышууда

Акыркы жанылыктар

TurmushКелечекте программист болууну самаган Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүнө караштуу Биринчи май айылындагы Сатынбай Карыбеков атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Бекбол Шапданбеков бүгүн, 26-февралда мектеп окуучуларынын облустук олимпиадасында география предмети боюнча ат салышууда. Анын элеттеги жашоосу жана окуучулук күндөрү менен аймактык кабарчы таанышты.

«2007-жылы 1-июлда Суусамыр өрөөнүндөгү Биринчи май айылында төрөгөм. Учурда 11-класста окуйм. Албетте, элеттеги жашоо шаардан башкача. Мектепке барып келген соң, айыл турмушу башталат. Кечинде сабакка даярданабыз. Ошондой күндөр өтө берет.

Ар бир адам келечекке максат коюп жашайт эмеспи. Мен программист болгум келет. Анткени, өлкөнү санариптештирүүдө элет жергесинде бул адис өтө зарыл. Экинчиден, элет жергесинин жаратылышы өтө кооз жана абасы таза. Сырдуу жагдайлары да бар. Ошондон улам георафия сабагына да өтө кызыгам. Географ эжейим Адылбек кызы Элнура 9-класстан бери олимпиадага даярдап келет. 2 жылдан бери быйыл райондон облуска өтүп, облустук турда ат салышып жатам. 26- 27-февраль күндөрү өтүүчү олимпиада Кант шаарындагы Д.П.Зубков атындагы №1 мектеп-гимназиясында өтүүдө. Буюрса, жакшы жыйынтык менен барып, ата- энемди, мугалимдерди, окуучуларды кубандырам», — деди Бекбол Шапданбеков.

Бүгүн, 26-февралда Кант шаарындагы Д.П.Зубков атындагы №1 мектеп-гимназиясында 2023-2024 окуу жылындагы республикалык олимпиаданын III (облустук) этабы өтүп жатат.

Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, олимпиадага жалпы 285 окуучу катышып, алар 17 сабактын түрү боюнча ат салышып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE