Пример HTML-страницы

Караколдо 1-декабрдан тарта таштандыга болгон төлөмдүн баасы көтөрүлөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 9-ноябрь күнү Каракол шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында таштанды чогултуу кызматынын баасын көтөрүү маселеси каралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сессияда Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев бул сунуштун себебин айтты.

«Тарифти көтөрүү аргасыздан жасалган иш болууда. Анткени учурдагы тарифтер 2017-жылы солярка 35 сом кезинде түзүлгөн экен. Эми күйүүчү май 65-75 сомго чыгып, ишкана таштандыларды алып кете албай, өзүн-өзү да актабай жатат. Эгер бааны көтөрбөсөк мекеме банкрот болуп, таштанды жыйноо мүмкүн болбой калат. Жаңы тариф менен жер-жерлерде жолугушуу өткөрүп, элге түшүндүрүү ишин жүргүздүк. Анда макул болгондор да, каршы болгондор да бар», — дейт мэр.

Эл өкүлү Нурлан Жаинов тариф маселеси кеңештин комиссиясында бир нече жолу каралганын айтты. Ал эми тариф көтөрүлсө, ишкана кызматкерлеринин да айлыгы көтөрүлөрүн түшүндүрдү. Анткени айлык аз болгондуктан ишкананын кызматкерлери бат-баттан жумуштан кетип жатканын белгиледи.

Жаңы тариф:

— Көп кабаттуу батирде жашагандар киши башына айына 21 сом төлөсө, жаңы баа менен 36 сом төлөйт.

— Жер үйдө жашагандар киши башына айына 25 сом төлөсө, жаңы баа менен 52 сом төлөйт.

— Мекеме-ишканалар бир метр куб таштандыга 284 сом төлөсө, жаңы тариф менен 501 сом төлөйт.

— 0,75 метр куб контейнердеги таштандыны алып кетүү акысы 268 сом болсо, 376 сомго жогорулады.

Жыйында эл өкүлдөрү ишкананын салык кызматына болгон карызы, жаңы абоненттерди кошуу боюнча суроолорун берди. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеңилдик берүү сунушталды. Ушундан улам шаар мэри Э.Жумаев социалдык коргоо, социалдык фонддор менен биргеликте жеңилдик ала турган тургундарды тактап келерин билдирди.

Тариф 1-декабрдан тарта көтөрүлөт. Аны сессияга катышып жаткан 20 депутат бир добуштан колдоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE