Пример HTML-страницы

Кара-Кулжада жолго түшкөн таштар жардырылмак болду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 2-август күнү саат 18:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Ноокат районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кокту-колоттордон келген сел Кыргыз-Ата–Кара-Гой ички чарбалык жолуп каптап, кум-шагылга толтурган. Ал жерге 1 грейдер, 1 манипулятор тартылып, жол толук тазаланды.

Кечээ Кара-Кулжа районунда да сел жүрүп, Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 51-чакырымында болжол менен 10-15 метр куб таш түшкөн. Учурда унаа жол жабык, жабыркагандар жок. Ал жерге 1 жүктөгүч тартылган. 2-август күнү тартылган техниканын кубаттуулук күчү жеткен эмес. 3-август күнү жолго түшкөн ташты жардыруу жолу менен тазалоо иш-чаралары жүргүзүлөт. Жогору аталган жолдо каттам жабык экендиги элге маалымдалып, эскертүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE