Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө 14 адам кызамык менен катталды, үчөө бир үй-бүлөдөн

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жыл башынан бери кызамык менен ооруган 14 адам катталды.

Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматына караганда, январь айында 11 адам, февраль айы башталгандан бери 3 адам каттоого алынды. 11 адамдын ичинен 9у жаш балдар, экөө чоң адамдар. Алардын сегизи стационардык, үчөө амбулатордук дарылануудан өттү.

«Катталган 7 адам пландык эмдөөдөн баш тарткандар болсо, экөө ден соолугуна байланыштуу ар кандай себептер менен эмдөөсү жылдырылып, алынбай келе жаткандар. Ал эми 2 чоң адамдын эмделип же эмделбегени белгисиз. Январь айында Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында окуган 23 окуучу кызамык менен ооруган бейтаптар менен байланышта болгондуктан эмделди.

Февраль айында бир үй-бүлөөнүн 3 мүчөсү кызамык менен ооруп, каттоого алынды. Алар Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү мектебинин окуучулары, алар дагы эмдөөдөн өз убагында баш тарткандар. Бул бейтаптар менен байланышта болгон 57 окуучу кызамыкка каршы эмделди», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE