Пример HTML-страницы

Кара-Көл шаарынан 4 делегат барат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан Экинчи элдик курултайга 4 делегат барат. Бул тууралуу шаардык кеңештен билдиришти.

Маалым болгондой, делегаттар 18-ноябрда шайланып, ага жамааттык чогулушта шайланган 150 өкүлдүн ичинен 120 өкүл катышкан. Жалпы 7 адам делегатыкка талапкерлигин көрсөтүп, көп добуш алган 4 талапкер шайланды.

Алар:

1. 1965-жылы туулган Дооронкулов Маматраим, Токтогул токой чарба бөлүм башчысы;

2. 1987-жылы туулган Макушев Майрамбек, жеке ишкер;

3. 1970-жылы туулган Султаналиева Сайха, Кетмен-Төбө айылынын тургуну;

4. 1959-жылы туулган Токтосунов Шамшидин, Жазы-кечүү айылынын тургуну, учурда № Фрунзе жалпы билим берүү мектебинин директору.

Алар төмөнкү 3 маселени көтөрөт:

— Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө:

1) КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына:

  • 46-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-бөлүкчөсүн ( тиешелүү шаарда тургандеген бөлүкчөсүн) алып салуу;

  • 47-берененин 1-бөлүгүн алып салып, анын ордуна республикалык, облустук жана райондук баш ийүүдөгү шаардардын мэри эл тарабынан шайланат деп өзгөтүү.

2) «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө:

  • 47-беренесине: шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоого катышкан саясий партиялардын тизмеси менен шайлоого катышкан талапкерлердин ар бирине жекече добуш берүүнү киргизүү жөнүндө, башкача айтканда, шайлоочулар партиялык тизмеде өзүлөрү каалаган талапкердин аты-жөнүнүн тушуна белги коюу менен добуш берүү.

2. Кичи жана орто бизнес менен алектенгендерге колдоо көрсөтүү.

3. КРда мугалимдердин категориясын кайра киргизүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE