Пример HTML-страницы

Кара-Балтада сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарында сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү. Спорттук иш-чарага 1-7-класстардан 70тей окуучу катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сууда сүзүүчүлөр 25, 50, 100 жана 200 метр аралыкты сүзүп өтүштү.

А.С. Зверев атындагы бассейндин директору Жеңиш Айдарбаевдин айтымында, иш-чара балдар жана өспүрүмдөр арасында спорттун сууда сүзүү түрүн жайылтуу максатында уюштурулду. Ошондой эле мелдештин жыйынтыгы менен эң күчтүү спортчулардан жаш сууда сүзүүчүлөрдүн командасы түзүлүп, алар ар кандай турнирлерге катышат. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча федерациясы «Манас» спорттук клубунун базасында республикалык мелдеш өткөрүүнү пландап жатат.

Турнирдин жеңүүчүлөрү диплом, белектер менен сыйланды. Сыйлыктарды алууга жергиликтүү тургундар көмөктөштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE