Пример HTML-страницы

Кара-Балтада өткөн жиу-житсу боюнча ачык биринчиликке 350 спортчу катышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЭски жылдын акыркы күндөрү Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинде балдар жана өспүрүмдөр арасындагы жиу-житсу боюнча ачык биринчилик өттү.

Турнирге Чүй жана Ысык-Көл облустарынан келген 5 жаштан 15 жашка чейинки 350 спортчу катышты. Алар эки топко бөлүндү. Ак курлар — жаңы машыгып баштагандар, түстүү курлар — профессионал спортчулар, чемпиондор.

Турнир жиу-житсуну Кара-Балта шаарында жана Жайыл районунда жайылтуу максатында уюштурулду.

Мелдештин жыйынтыгында 200гө жакын медаль алдыңкы орундарды алган спортчуларга берилди. «Манас» спорт комплексинен катышкан 97 спортчунун ичинен 67 спортчу байге алды. Алардын арасында 7 жаш спортчу 1-орунду алып, чемпион болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE