Пример HTML-страницы

Кайыңды шаарынын тургундары тазалык күнүн уюштурушуп, айлана-чөйрөнү иретке келтиришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарында тазалык күнү өткөрүлүп, айлана-чөйрө иретке келтирилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

«Айлана-чөйрөнү тазалоо менен анын санитардык абалын жакшырттык. Ар бир үй-бүлө өз короосун тазалап турса, шаар ичи таза болорун да түшүндүрдүк», — дешет шаардыктар.

Ал эми Күлсара Сулайманова атындагы Кайынды жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Айдай Мелисова шаардын тазалыгы боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«Мен өз шаарымды сүйөм. Бизде бардык көчөлөргө асфальт төшөлүп, аны менен катар жарыктандырылган. Ал эми стадионубуз облустагы эң алдыңкы катарда турат. Шаардын инфратүзүмү күн өткөн сайын көрктөнүп, жашыл түскө боёлуп турганына сыймыктанам. Район акими Маил Алияскаровго, шаар мэри Элнур Жумабаевге жана тиешелүү жетекчилерге шаардык окуучулардын атынан ыраазычылык билдирем. Тазалык күнүн жаратылышта эс алуу менен айкалыштырып өткөрдүк. Ал боюнча видеотасма да тарттык. Биз эле эмес бала бакчанын тарбиялануучулары, кичинекей досторум да шаар тазалыгы үчүн кам көрүп жүрүшкөнүн көрүп сыймыктандым», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE