Пример HTML-страницы

Көргөн жанды суктандырган аксылык сулуунун Дубайдагы жашоосу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун 36 жаштагы тургуну Саида Жуманова. Аны менен Tumush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Мен Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жарык дүйнөгө келгем. Менин сүйүктүү атам ошол жерден болот. Ал эми апам Чүй облусунун Токмок шаарынан. Ушундан улам мен кичинекей кезде, ата-энем Чүй тарапка көчүү чечимине келишет. Анда мен болгону 3 жашта болчумун. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Эжем, сиңдим жана бизди көпкө күттүргөн коргоочубуз иним. Эжем менен сиңдим Россиянын жарандыгын алышкан. Өздөрүнүн үй-бүлөлөрү менен көптөн бери ошол жакта жашашат. Эжем Санкт-Петербург шаарында турат. Анын жалпы 5 баласы бар. Ал эми сиңдим 2 баланын энеси. Учурда Екатеринбург шаарында күн кечирүүдө. Жалгыз иним Бишкек шаарында. Үйлөнө элек. Токмок шаарында А.С.Пушкин атындагы №1 мектеп-гимназиясында 5-класска чейин окугам. Ошол кезде калаадагы эң мыкты мектептердин катарын толуктаган. Андан соң ата-энем биздин келечегибизди ойлоп, өлкөнүн борборуна көчүүнү туура көрүштү. Анткени ал жакта бардык багытта мүмкүнчүлүктөр көп болчу. 2005-жылы Бишкек шаарындагы №25 мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Европа цивилизациялары факультетине тапшырдым. Окутуу англис тили менен бирге болчу. Ошентип 2010-жылы жогорку окуу жайын артыкчылык (кызыл) диплому менен аяктадым», — деди ал.

Каарманыбыз өзүнүн жеке жашоосу туураллуу айтып берди.

«Мен абдан активдүү жана өз алдынчамын. Ошондуктан жайкы эс алууда эч кандай акы төлөнүүчү жумуштан баш тартпай иштечүмүн. Өзүмдү эч кимге көз карандысыз сезгенди жакшы көрчүмүн, ошондой эле ата-энеме жардам бергенге мүмкүнчүлүк түзүлчү. Окууну аяктаган соң «Толубай» банкында иштеп жүрдүм. Бирок ал жакта көпкө калган жокмун. 2008-жылы турмуш жолуна аттандым. Бир жылдан Данияр аттуу уулдуу болдук. Азыркы тапта ал №29 гимназияда 6-класста окуйт. Спорт менен машыгат, гитарада ойнойт. Тилекке каршы, жолдошум экөөбүз ажырашып кеттик. Бирок биз достук мамилени сактап калдык. Учурда баламды жалгыз тарбиялайм. Балам акылдуу, түшүнүктүү, камкор жана абдан мээримдүү. 6 жылдан бери Дубай шаарында жашайм жана эмгектенем. Италия бутиктеринин биринде иштейм. Ал жакта Капри аралында тигилген кийимдер сатылат», — деди ал.

Анын айтымында, Дубай шаарына атайын компания аркылуу барган.

«Жаш кезимде саякаттоо боюнча көп ойлочумун. Башка өлкөлөрдүн маданиятына кызыгып, ошол эле учурда жакшы акча табуу менен бирге өзүмдү өнүктүрүүнү каалайт элем. Жарандарга чет өлкөдөн жумуш таап берүүгө көмөктөшүп жүргөн агенттиктер боюнча угуп калчумун. Ошол эле учурда ар кандай жаман окуяларды угуп, кандайдыр бир коркуу сезимдери бар болчу. Бирок мен тобокелге барууну чечтим. Мен соболдомону (анкета) толтуруп, агенттиктин бардык шарттарын аткардым. Алардын мени аңгемелешүүгө чакыруусун күттүм. Күндөрдүн биринде алар мени чакырышты. Ошентип мен аңгемелешүүдөн өтүп кеттим. Компания келишимдин негизинде мага виза, учакка билет жана жатакана бөлүп беришти», — деди ал.

Саида алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«3 жылдан бери спорт менен алекмин жана бул мага абдан жагат. Келечекте фитнес машыктыруучу болууну саамайм. Ошондой эле Бишкек шаарына өзүмдүн машыгуу залымды ачууну көздөп жатам. Сертификацияланган фитнес машыктыруучу болуу үчүн Йас фитнес академиясында окуп жатам. Бул Англиянын мугалимдери топтолгон фитнестин эл аралык академиясы. Алгач машыгууга жөн гана салмак таштоого баргам. Көп өтпөц мурунку алдыга койгон максатым өзгөрүп кетти. Мен өзүмдүн денеме кулак салып, аны изилдей баштадым. Натыйжада ар бирибиз өзүбүздүн кыялыбыздагы денеге жетсек болорун түшүндүм. Мурункуга салыштырмалуу көбүрөөк акча табам. Бирок бул жакта жашоо кымбат, ошондуктан чыгашалар көп болот», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE