Пример HTML-страницы

Күнөскана иштеткен айылдагы мугалим жер семиртүүнүн сырлары менен бөлүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын тургуну Мира Онкошова мектепте география сабагынан билим берет. Окуучуларга дүйнөнү тааныткан мугалим, үй-бүлөдө багбанчылыкты колго алып, 13 жылдан бери күнөскана иштетип келе жатканын аймактык кабарчы маалымдайт.

Мира айымдын айтымында, ар убак изденип, жаңыча ой жүгүртүүгө умтулат.

«Мен 1983-жылы Ак-Суу районунун Отрадное айылында жарык дүйнөгө келгем. Мектепти бүтүп, Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин география жана туризм факультетин аяктагам. Студент кезимде өмүрлүк жолдошум менен баш кошуп, түтүн булатканыбыз 20 жылдан ашты. Жолдошум экөөбүз 4 кыз, 1 уулду тарбиялап келе жатабыз.

2005-жылы окуу жайды аяктап дароо эле мектепке орношуп, окуучулардын дүйнө таанымын ойготуп, география сабагынан билим берип келе жатам. Бүгүнкү күндө Ж.Асаналиев атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуу бөлүм башчы, ошондой эле, айылдык кеңештин депутаты болуп шайландым. Муну айтып жатканым мен ар дайым эртеңки келечегибиз түз болуп, өнүгөлү деген изденүү менен бардык иштерди алып кетүүгө салымымды кошкум келет», — деди ал.

Агартуу тармагынын кызматкери билим уясына жумшаган иш аракетинен сырткары чарбачылыкты колго алып келе жатканын айтат.

«Үй-бүлөбүз менен жаңы нерсени изденип, талыкпаган эмгек менен ишке ашырууну жактырабыз. Мындай шартта айыл ичиндеги эл арасында күнөскана салуу деген идея жаңыдан колго алынып келе жатканда, Кудайдын буйругу менен биз да 8 чарчы метрди түзгөн аянтка күнөскана курдук. Жаңы баштаганда эле ишибиз оңунан чыкты, түшүмүбүз мол болуп, акырындык менен тажрыйба топтодук. Курулушка көп акча талап кылынган жок. Ага кетчү темирлерди жыгачтан жасап, үстүн полиэтилен жабдык менен бекиттик. Эч кандай чыгымды талап кылбайт, күндүн нуру менен жылыйт. Өз убанында желдетип, нымдуулукту карап турабыз», — деди ал.

М.Онкошова күнөсканадан алынган түшүм мол болорун билдирет. Анткени табигый жол менен жер семирткич даярдап, топуракты азыктандырарын кошумчалайт.

«Биз ар жылы жаз келип күн жылыган маалдан баштап эле күнөскананын ишин жандантабыз. Тилеке каршы, кээде үшүтүп алган учурлар болот. Мисалы, өткөн жылы жазында үшүк жүрүп, эки жолу айдаган мээнетибизди алдырттык. Бирок, ак эмгектин аркасында жакшы киреше турат. Жөнөкөй шартта эшикке отургузган бадыраң, помидордун түшүмү аз болот. Себеби бадыраңдын жалбырагына жаан тийип сууда калса дароо эле саргарып кетет. Мындай шартта аз убакта гана түшүм берет. Ал эми күнөскананын жумушу апрель, майдан кеч күзгө чейин созулат. Көк чөптөр, карагат, болгар калемпирин да өстүрүп көрдүк. Помидор ысык абадан бат кызарып бышса, бадыраң 6 күндө тамыр алып бат чоңоет. Ошол эле учурда 4-5 айга чейин түшүм ала берүүгө мүмкүн болот экен. Эми өзгөчө ыкма бул жер семирткичтен болот. Биз органикалык жол менен жерди азыктандырабыз. Ал үчүн алгач топуракты курттан арылтып дезинфекция жүргүзөбүз. Андан кийин уйгак, эрмендин жалбырагына тооктун кыгын суу менен аралаштырып 10 күн ачытып куябыз. Ошондой эле, дагы бир ыкмабыз бар камырга кошулчу ачыткыны кум шекер менен сууга аралаштырып,өсүмдүктүн түбүнө аз-аздан куюп койсо жалбырагы чоңоюп жакшы түшүм байлат экен. Мунун баарын интернет аркылуу өздөштүрүп алдык. Азыр айылыбызда жамааттар бар. Биздин жамааттын алты өкүлү күнөскана кармайт», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE