Пример HTML-страницы

Күмүшбек уулу Адилет окуучу кезиндеги ойдон улам энергетик болууну чечкен

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын 25 жаштагы тургуну Күмүшбек уулу Адилет электр тогу кантип пайда болот деген суроодон улам энергетик болууну чечкен. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2014-жылы 9-классты аяктап, Талас агрардык экономикалык колледжине энергетика тармагы боюнча билим ала баштаган. Ал жерди 2017-жылы аяктаган соң, билимин жогорулатуу максатында Кыргыз улуттук агрардык университетинине тапшырып, 2020-жылы бүтүргөн.

«Азыркы учурда Бакай-Ата РЭТине караштуу Боо-Терек аймагында электромонтер болуп эмгектенип келем. Иштегениме 1 жылдан ашты. Кесипке болгон кызыгуум мектептеги кезден башталган. Электр тогу кантип пайда болот деген ойдун аркасы менен ушул кесипти тандап алдым.

Биздин жумушта кызыктуу окуялар көп эле болот. Бала кезде жумуштан качып жаан жаса экен, азыр тынч эле болсо экен дейбиз (күлүп). Кээде авариялык өчүүлөр дагы дем алыш күндөрү болуп калат. Айдын аягында карыздарын төлөбөгөн кардарлар болуп калат. Өчүрүүгө барсаң кээ бирлери мамыдан түшүрбөгөнгө аракет кылып калышат. Кээ бири айры кармап алып коркутушат. Андай учурларга деле көнүп калганбыз. Жумушубузду так аткаруу үчүн бардык күчүбүздү жумшап келебиз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE