Пример HTML-страницы

Интернетке тараган видеодон кийин Ош милициясындагы 3 жетекчи — полковниктер кызматтан алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushКызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги өз ара келишпестиктен мушташып жатканы тууралуу мааламат тараган. Кызуу талкууга алынып жаткан окуя 2023-жылдын 23-ноябрында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында болгондугу такталды. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө бөлүмү тарабынан аталган окуя боюнча материалдар Ош ШИИБдин мааламаттардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.

Бул факты боюнча окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жана ички иликтөө кызматкерлери менен биргеликте барып, кароо жүргүзүлүп, далил зат катарында канга окшогон кызыл түстөгү тактардын үлгүлөрү алынган. Андан сырткары аталган көп кабаттуу үйдө орнотулган видеокамералардан видео далилдер алынган.

Ош ОИИБдин окуяга тиешеси бар жетекчилик курамдагы кызматкерлерине карата соттук-медициналык экспертиза жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалып, аларды жана башка кошумча күбө адамдарды тактап, суракка алуу үчүн тергөө кызматына камсыз кылуу боюнча тиешелүү кызматтарга атайын тапшырмалар жиберилди.

«ИИМдин Ички иликтөө кызматытынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын айрым пункттарынын талаптарын одоно түрдө бузгандыгы, башкача айтканда, кол алдында кызмат өтөгөн кызматкерлерге мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти так сактоо боюнча жетиштүү деңгээлде тарбия иштеринин жана көзөмөл жүргүзбөгөндүгүнүн натыйжасында Ош ОИИБдин жетекчи курамынын кызматкерлери пикир келишпестик менен өз ара мушташкан жоруктары коомчулукта талкууга алынып, ИИО кызматкерлеринин аброюна шек келтирилгендиги үчүн Ош ОИИБдин башчысы — милициянын полковниги Жеңиш Жоробековго «кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө» эскертүү тартип жазасы берилди», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми окуяга түздөн-түз тиешеси бар Ош ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары — милициянын полковниги Алмаз Усеналиев жана Ош ОИИБдин коомдук коопсуздук боюнча орун басары — милициянын полковниги Салмоорбек Шералиев, Ош ОИИБдин башчысынын кадр иштери боюнча орун басары — милициянын полковниги Улан Асанбаев ээлеген кызматынан бошотулду

Бул окуя боюнча топтолгон материал тийиштүү органдарга жиберилип, юридикалык баа берилет.

Буга чейин Turmush социалдык тармактарга тарап жаткан билдирүү боюнча Ош ОИИБдин кызматкерлеринин үстүнөн териштирүү иштери башталганын жазган.

Социалдык тармактын колдонуучусу ушул жылдын 24-ноябрында түн ичинде Ош ОИИБдин кызматкерлери мас абалда бири-бири менен акча талашып мушташканын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE