Пример HTML-страницы

Гонконгдогу окуу жайга тапшырган Талгат Бактыбеков бир шарт менен өлкөгө кайтып келет

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл району боюнча «алтын сертификатты» жалгыз Талгат Бактыбеков алды. Ал Кыргызстандагы 50 мыкты бүтүрүүчүнүн катарын толуктады.

  • Чүй облусу боюнча жалпы 4 бүтүрүүчү «алтын сертификат» алды.

Талгат Бактыбеков кыргыз-түрк «Сапат» лицейин бүтүрдү. Ал жалпы республикалык тестирлөөдө 226 упай топтоду.

«Тестирлөөнүн жыйынтыгын күтүү оор болду. Бул убакта ар бир окуучу стресс болду болушу керек. «Босого упай алдымбы, жылдын мыкты 50 бүтүрүүчүсүнүн катарына кирдимби?» деп ойлоносуң. Албетте, мындай ийгиликке жеткениме абдан кубанычтамын. Буга акыркы жылы үзгүлтүксүз даярдандым. 10-класста окуп жүргөндө эле «алтын сертификат» алууну пландап койгом. Ал учурда ушул сыяктуу тест тапшырып, ЖРТдан жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдөн кеңеш алдым. Окуу жылы башталганда олуттук даярданып баштадым. Көп окудум. Мен алган упай каалган жогорку окуу жайдан жеңилдик алууга жетиштүү деңгээлде жогорку», — деди ал.

Талгат программист болууну көздөп жатат. Ал Гонконг илим жана технология университетине тапшырды, 1 айдан кийин аталган жерге учуп кетет. Анын айтымында, эгер Кыргызстанда жаштарга жакшы перспектива түзүлсө, окуусун аяктагандан кийин кайтып келет.

«Апам мени дайыма түшүнүп, колдоп турат. Эң негизгиси окуучуда кесиби тууралуу кыялы болушу керек деп ойлойм. Ошондо окууну улантуу боюнча максат өзү эле келет. Кесип тандоо оңой болбошу мүмкүн. Бирок алгач өзүнө жаккан сабактарды тандаш керек. Ар бир окуучунун жакшы көргөн сабактары болушу зарыл. Андан кийин билимди тереңдетип, тандап алган илимине кызыгып башташы керек. Албетте, бул узак жана көп эмгекти талап кылган жол. Ар бир окуучуга өзүнүн жолун табышын каалайм», — деди ал.

Талгат Бактыбеков лицейди артыкчылык аттестат менен аяктады.

  • Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 бүтүрүүчү жогорку упайларга ээ болду. Быйыл эң жогорку упай 235ди түзүп, аны Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү Эрлан Колбаев алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE