Пример HTML-страницы

Францияга жолдомо алган 16 жаштагы Аяна улуттук чемпионатта кандай тамактарды жасады?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну Аяна Абдиталипова WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатында 1-орунду алды. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Аяна учурда 16 жашта. Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. Кара-Көл шаарынын №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясынан 9-классты аяктап, 2023-жылы №89 кесиптик лицейге ашпозчу-тигүүчү адистиги боюнча тапшырган.

Өзүнүн айтымында, бардык өлкөнүн ашканасы жагат.

«Негизинен бардык мамлекеттердин тамактарын жактырам. Бирок биздин нукура, баалуу азыктардан жасалган тамактарга эч бири тең келе албайт. Патриот кыздардын катарын толуктайм, кыргыз болуп төрөлгөнүмө абдан сыймыктанам. Ошол себептен өзүбүздүн улуттук тамактарыбызга басым жасайм. Жакшы көрүп жасаган жана жакшы көрүп жеген тамагым — куурдак. Апам картошка менен эттен эч көңүлүң калбайт деп тамашалап, күлүп калат», — деди Аяна.

Аяна жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатында жасаган тамактар:

— авокадо менен брускетта жана аз туздалган форель (брускетта с авокадо и слабосолённой форелью);

— жер-жемиштер менен форелден рулет (рулет из форели с приспущенными овощами);

— шоколад фонданы (шоколадный фондан).

Ал эми Аяна Абдиталипованы чемпионатка мугалими Айзат Омор кызы даярдаган. Ал 2006-2009-жылдары Кыргыз экономикалык университетинин Соода-экономикалык колледжин коомдук тамактануу жайларынын технологу адистиги боюнча бүтүргөн.

«Өткөн жылдын 26-27-декабрында аталган сынактын облустук турун жеңип кайттык. Бул сынакка катышуу өтө чоң даярдыкты, эмгекти талап кылды. Окуучум Аяна экөөбүз абдан даярдык көрдүк. Өзүм алган билимимди ар дайым окуучуларыма жеткирүүгө аракет кылам», — дейт Айзат Омор кызы.

WorldSkills — бул эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, анын максаты жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан 2023-жылы WorldSkills International уюмуна 86-өлкө болуп киргенин белгилеп, бул жаш адистерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берерин айткан.

«Ширетүүчүлүк, ашпозчулук жана мода технологиясы боюнча кесиптик лицейлерде жана колледждерде окуган окуучулар арасындагы сынак эки күнгө созулат. Сынакта мыктылардын мыктысы тандалып, Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык мелдеште Кыргызстандын желегин желбиретип келе тургандарына ишенем», — деген Кендирбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE