Пример HTML-страницы

Эркин күрөш боюнча Чүй облусунун биринчилигинде Жайылдын спортчулары алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту

Акыркы жанылыктар

TurmushЭркин күрөш боюнча Чүй облусунун ачык биринчилигинде жайылдык спортчулар алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту.

2023-жылдын 18-20-ноябрь күндөрү Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылында жаштар арасында эркин күрөш боюнча Чүй облусунун ачык чемпионаты болуп өттү.

Турнирге Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан 183 жаш балбан катышты.

Жайыл районунан машыктыруучу Мурат Курманалиевдин жетекчилиги астында 5 спортчу катышып, 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту: 21 кг салмакта Ариет Муратов 3-орунга, 23 кг салмакта Нуркелди Алишеров 1-орунга, 35 кг салмакта Бексултан Ашырбеков 2-орунга татыды.

Жеңүүчүлөр турнирдин уюштуруучулары тарабынан эстелик медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Турнирди Ичке-Суу айылынын жаштары уюштурган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE