Пример HTML-страницы

Түндө Кара-Сууда 29 жаштагы айдоочу таш-талканы чыккан унаасында жан берди. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болду.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, бүгүн, 22-ноябрда саат 04:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 646-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Кайрагач айылында Өзгөн районунун тургуну — 1993-жылы туулган Ш.М.нын башкаруусундагы «Хендай Аванте» үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышты көздөй бара жатып башкаруусун жоготуп, карама-каршы жолго чыккан. Унаа Өзгөн шаарынын 1985-жылы туулган тургуну Х.Н.нын башкаруусундагы «DAF XF» унаасынын чиркегичинин арткы дөңгөлөгүн сүзүп, кырсыкка кабылган.

Кырсыктын кесепетинен «Хендай Аванте» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми жүргүнчү катары бара жаткан 1992-жылы туулган Ж.уулу Ж. алган жараатынан улам Ош облустук ооруканасына жаткырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE