Пример HTML-страницы

Элетте кол өнөрчүлөрдүн тобун түзгөн кара-кулжалык Айгүл Матаеванын шырдак бизнеси

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунун Биймырза айылынын 50 жаштагы тургуну Айгүл Матаева кыргыз шырдагын жасоону унутта калтырбай, өнүктүрүп келе жатат. Чебер айым менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти.

Уз айымдын айтымында, кол өнөрчүлүктүн бардык түрүн өздөштүргөн. Шырдак шырып, боз үйдүн жасалгаларын жасайт.

«Негизи үйдө жүндү жана пахтаны кайра иштетүүчү апараттарым бар. Бирок аны жалгыз иштетпейм. Иштейм дегендерди жумушка алып алгам, чогуу иштетебиз. Кол өнөрчүлүккө кичине кезимден эле кызыгып баштагам. Апам чеберчилик менен алектенчү, 5-6 жашымдан эле апамды карап отуруп, тигип жаткандарына көз салчумун. Анан апамдан ашып калган кыркындылардан ар кандай колумдан келген нерсени тигип койчумун. Байпак токуп, көргөн-билгенди жасап алчумун. Кийин ошол бойдон эле калып калды. 10 жыл мурун кайрадан кол өнөрчүлүктүн үстүндө иштеп, элге төшөк-шырдактарды жасап, сатып жүрдүм. Элдин суроо-талабы көбөйүп калганда ишкана ачсам болчудай деп көзүм жеткенде гана чакан жумушчу топ түзүп, кызыккандарга үйрөтүп, жеринен иштегендерди кабыл ала баштагам. Мындан 3 жыл мурун карантин мезгилинде чакан ишкана ачып калдым, ал жылы иштебей токтоп калдык. Кийинки эки жылдан бери жакшы, буюрутмаларды алып, иштетип калдым», — дейт ал.

Кол өнөрчү шырдак жасоо көп эмгекти талап кыларын айтат.

«Ооба, шырдак жасоо жеңил-желпи иштерден эмес. Ар бир айыл өкмөттөн тез иштеген төрттөн жумушчуга шашылыш буюртмаларды жасатам. Ал эми шашпай иштеген чеберлерге «шашпай бүтүрүп бер деген» кардарлардын буюртмасын шырытам. Шырдак дароо эле жасалып калбайт. Алгач жүндөрүн атайын жүн алып келген кардардан алып алам. Андан соң жууп-тазалап, станоктордо жүндү даярдап, жүндү оюп берем. Кийин чеберлер келип, үйлөрүнө алып кетип, шырдакты шырып келишет. Андан соң гана шырдак даяр болот», — дейт ал.

Айгүл Матаева эмгектерин стаууда атайын интернет сайттарды колдонот. Кол өнөрчү кыздарга сеп дагы даярдап берет.

«Даяр болгон нерселерди сайттар, социалдык тармактар аркылуу сатабыз. Азыр интернет өнүккөн заман. Андан тышкары Кара-Кулжа районундагы дүкөндөргө сатабыз. Тиккен буюмдарга көлөмүнө жараша убакыт сарпталат. Жумушчу тобум менен бирге жасайбыз. Чоң шырдакты бир айда тигип бүтөбүз. Кийиз колдонгонго басым жасап, элге кызмат көрсөтөлү деген аракеттебиз. Жүндү кайра иштетип чыгарганыбыз үчүн кийизди өзүбүз даярдап, жүнгө өзүбүз ар кандай түс беребиз. Андан тышкары кыздын себин да даярдайбыз. Куракка кездемелерди Оштон, Кара-Суудан жана Бишкектеги «Дордой» базарынан алдырабыз. Ошондой эле шырдакка ичиликтерди дагы ушул жактардан алдырып келебиз.

Суроо-талап көп, жумушчулар баары бар. Бирок жүн тазалоочу аппараттар илгерки жүн тыткан, кийиз жасаган машинка болуп, заманбап, ишти жеңилдеткен жумуш болбогону үчүн түйшүгү оор болуп жатат. Буга чейин мамлекеттен жардам сурап көрдүк. Кайтарымсыз гранттар болсо станокторду жаңылап берсе деп бир-эки жолу кайрылып көрдүм. Бирок эч жерден жардам болгон жок. Ишкерлерге жардам болот дегенинен кайрылсам, иш жүзүндө эч кандай жардам алган жокмун. 6 пайыздык насыя берилген убакта насыя алдым. Бирок ал өтө оор болуп, ишкананы артка тартканга алып келди. Себеби ишибиз жаңыдан башталып, эми эле уланган үчүн ийгиликке жеткен убакта насыя төлөө менен ишибиз оор болуп кетти», — деди чебер айым

Кол өнөрчү шырдактын пайдасы тууралуу айтып өттү.

«Койдун жүнүн алып келген өзүбүздүн кардарларыбыз бар. Себеби райондо койдун породасын жакшыртабыз деген менен жүндөрү кылчыктуу болуп кеткен. Кылчыктуу жүн бизге болбойт, талапка жооп бербейт. Себеби кылдары чыгып калат. Ошондуктан дайыма алып келип берген, ишеничтүү кардарларымдан сапаттуу жүн алам. Ал койдун меринос деген породасынан болот. Ал уяң, жылмакай, жумшак, отурганда денеге жагымдуу анан сапатту кийиз болот. Кара-Кулжадан, Алайкуудан жүн алдырабыз. Адамдын ден соолугуна пайдалуу болсун деп кылчыктуу эмес, уяң жүндөрдөн кийиз жасайбыз. Сатып алуучулар, кардарларыбыз ыраазы болуш үчүн сапаттуу жүн колдонобуз. Бут оорулууларга, муун ооругандарга пайдасы тийсин деп жылкыга керектелүүчү токумдарды, көрпөлөрдү, ошондой эле унаалардын отургучуна кийизден төшөктөрдү жасай беребиз. Россияга кеткен кыргыз балдарына кийизден төшөк жасап, буюртмаларды кабыл алабыз. Кийиздин дагы бир касиети — нымдуулукту, суукту өзүнө тартып алып, адамга жылуулук берет», — дейт ал.

Айгүл Матаева 1972-жылы 22-декабрда Кара-Кулжа районуна караштуу Биймырза айылында туулган. Бир кызы студент, кесибинен сырткары дизайнерликти кошо окуп жатат. Дагы бир кызы кол өнөрчү, тикмечи. Ал учурда үй-бүлөлүү. Уулу жана жолдошу сүрөт тартып, оймо-чиймелердин сүрөтүн кийизге түшүрөт.

Кол өнөрчү сынактарга катышып, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата, Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата уюштурулган республикалык сынакка Ош облусунун атынан барып, 2-орунда алды.

Айгүл Матаеванын айтымында, бул өнөр апасынан өткөн. Ал эми апасына таенесинен калган, муундан-муунга өткөн өнөр болуп саналат. Өзү 12 бир тууган, 9 уул жана 3 кыздын ортончусу.

Кол өнөрчүнүн байланыш номуру маалыматтын жабык бөлүгүндө.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE