Пример HTML-страницы

Чолок айылындагы кооптуу жерден көчүрүлмөк болгон соодагерлер сентябрга чейин ордуларында калышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Чолок айылындагы кооптуу аймактан көчүрүлөт деген соодагерлер сентябрь айына чейин ордунда калышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү соодагерлер билдиришти.

Ал эми Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү маалыматты тастыктап, жергиликтүү соодагерлерге айылдан 100 метр алыс жерден жер бөлүнүп берилгенин билдиришти.

«1-сентябрь күнү ашканаларды, соода түйүндөрүн көчүрүп, жерди бошотуп бериши керек. Биз болсо ошол эле Чолок айылынын, Бишкек шаарынан келе жаткан тарабынан, 100 метр алыстыктан жер бөлүп бердик. Эми ошол жерге ашкана, соода түйүндөрүн орнотуп, иштете алышат» — деп айтылат маалыматта.

Ал эми соодагерлердин бири Ира Чоткараеванын айтымында, сентябрга жылдырууну боюнча өлкө башчы түз өзү тапшырма берген.

«Март-апрель айында көчүп кеткиле» дегенде биз өлкө башчыбыз Садыр Жапаровго кайрылганбыз. Ал киши биздин кайрылууну көрүп, өкмөткө «сентябрга чейин уруксат бергиле» деп тапшырма бериптир. Бул жагы жакшы болду. Эми биз 1-сентябрга чейин иштеп, көчүп кете беребиз. Бирок экинчи бир маселе чыкты. Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 124-чакырымында унаалар артка кайрылуу жасай турган жерди жаап салышты. Бул бизге абдан чоң сокку болду. Азыр жолдун бир тарабынан гана жүргөн кардарлар келип калды. Айыл өкмөт ижарага бөлүп берген жерге көчүп барган күндө деле жол жабылып, бул жердин келечеги жок сыяктуудай болуп калды. Ошол себептен акчасы барлар Бишкек–Нарын–Торугарт айланма жолунан, Боом капчыгайы бүткөндөгү көпүрөдөн кийинки жерлерден сатып алышууда. Анткени көп унаалар ошол жаңы жол аркылуу катташат эмеспи. Жолду жаппай, ачып берүү үчүн дагы чогулуп, нааразы пикирибизди билдиргенбиз», — деди ал.

Ира Чоткараева өзүнүн эсеби боюнча Чолок айылында 26 ашкана бар экенин, анын 25и учурда иштеп жатканын кошумчалады.

Буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаты Сырга Масаитова Чолок айылынын тургундары салып алган даараткана темир жолго кооптуулук жаратып жатканын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE