Пример HTML-страницы

Чоң-Алайга памирлик кыргыздардын тобу келет

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Чоң-Алай районуна памирлик кыргыздардын тобу алынып келет. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдин Ош облусундагы башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, азырынча алар кайсы күнү келери белгисиз. Бирок 10 күндүн ичинде алынып келинери боюнча маалымат бар. 17 памирлик кыргыз келүүсү күтүлүүдө.

Ал эми Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев билдиргендей, памирлик кыргыздар үчүн лицейдин жатаканасы даярдалды.

«Алар жергиликтүү климатка адаптация болгонго чейин лицейдин жатаканасында жашап турушат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE