Пример HTML-страницы

Чоң-Ак-Суу ашуусунда жоголгон туристтер табылды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда адашып кеткен туристтерге жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, туристтер 3-августта Чүй облусуна караштуу Чоң-Кемин районунун Кайыңды айылынан Чоң-Кемин капчыгайы аркылуу Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы Григорьевка капчыгайына өтмөк болушкан. Алардын ичинен Австрия мамлекетинин 3 жараны Чоң-Ак-Суу ашуусунда адашып кетишкен.

Ал эми Германиянын 2, Австрия мамлекетинин 1 жараны 4-августта Чоң-Ак-Суу капчыгайынан жергиликтүү тургундардын унаасы менен Григорьевка айылына түшүшкөн. Алар адашып кеткен туристтер боюнча 112 кызматына кайрылышкан.

Ысык-Көл райондук ӨКБнын офицери, улук лейтенант Калыс Жумабаев чет элдик туристтер менен жеринде сүйлөшүп, маршруттан адашып калган 3 чет элдик жаран боюнча маалыматты тактаган.

2023-жылдын 5-августунда Чон-Ак-Суу ашуусунун этегине чейин издѳѳ иштери жүргүзүлүп, жоголгон туристтер саат 14:20 чамасында Жайылма коктусунун этегинен табылган. Куткаруучулар аларды аттар менен түшүрүп, Австрия мамлекетинин консулу менен байланыштырышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE