Пример HTML-страницы

Чүйдө эс алууга кетип, күтүүсүз кырдаалга туш болгон студент балдар табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushШаардын сыртына эс алууга кетип, адашып кеткен Токмоктук балдар табылды. Бул тууралуу жергиликтүу тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 25-март күнү таңга маал Токмок шаарынын эки тургуну Көл-Төр көлүнө барып, адашып кетишкен. Алар 2006-жылы туулган М.М. жана Т.А. аттуу студент балдар болгон.

«Алар жолдон адашып, багыт ала албай калышкан. М.М. тоодон түшүп келе жатып жыгылып, бир бутун оорутуп, башынан жаракат алган. Ошол эле күнү кечинде алар куткаруу кызматына чалып, болжолдуу түрдө кайсыл жерде турганын айтышкан. Андан кийин телефондору өчүп калыптыр. Кабар түшөрү менен үйүндөгүлөр, жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери шаркыратма (водопад) тараптан, ал эми ӨКМдин кызматкерлери Көл-Төр көлү жактан издеп чыгышкан. Ыктыярчыларды баштап жүргөн Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери балдарды Кегети шаркыратмасынан өйдө 5 чакырым жердеги егердин үйүнөн тапкан», — дешет жергиликтүүлөр.

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы төмөнкүлөргө токтолду.

«24-март күнү 2 бала болжол менен саат 07:30 чамасында ата-энелерине шаардын сыртына эс алууга (пикник) кеттик деп, Көл-Төр көлүнө барышкан. 25-март күнү саат 12:11 чамасында Т.А. аттуу өспүрүм атасына «биз адаштык, уюлдук телефонумдун кубаты отуруп жатат» деп, WhatsApp аркылуу жазган. Төмөндөгү маалыматтын негизинде ӨКБ-24төн 3 куткаруучу ӨКБ-5тин 1 айдоочу «АКА» унаасы менен жалпы 4 куткаруучу болуп, жеринде издөө иштерин улантышкан. ӨКБ-24төн 2 атчан киши, токой чарбасынан 1 атчан киши, балдардын жакындарынан 4 киши, 1 милиция кызматкери тартылган. Издөө жумушун улантып жатып, саат 01:28де ИИМ кызматкери төмөндөгү изделип жаткан өспүрүм балдарды Кегети шаркыратмадан 10 чакырым ары жайгашкан вагондон 2 өспүрүм баланы таап, ата-энесине өткөрүп берди. Балдардын абалдары туруктуу», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE