Пример HTML-страницы

Чүйдө апасын видеого тартып, президентке кайрылган 10 жаштагы Деборага колдоо көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунун Беловодск айылында төшөктө жаткан оорулуу апасын видеого тартып, өлкө башчысына кайрылган 10 жаштагы Деборанын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Оорукчан апасынын абалы тууралуу ыйлап, өлкө башчысына кайрылган 10 жаштагы өспүрүм кыздын видеосу соцтармакта талкуу жараткан.

Облус башчысынын орун басары Г.Кыштообаева, акимдин орун басары И.Оскомбаевдер 10 жаштагы Деборанын учурда жашап жаткан үйүнө барышты. Анда облус жетекчисинин орун басары Гүлмира Кыштообаева Деборанын жашоо шарттары менен таанышып, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, жөлөк пул, медициналык жардам, медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүү боюнча тиешелүү жекекчилерге тапшырмаларды беришти.

Ал эми Дебора төмөндөгүлөрдү айтты: « Райондогу №4 Ак-Суу орто мектебинде 4-класста окуп жатам. Мен бул мектепке жаңы кадам таштадым. Мектеп мага абдан жакты. Учурда окуу куралдар менен камсыздалуудамын. Өзгөчө, англис, орус тили жана математика сабактарына кызыгам. Учурда апамдын сиңдиси Сайкал эжемдин үйүндөмүн. Мен видео тартып, президентке кайрылгам. Учурда апам ооруканада дарыланууда. Бүгүн да апаман кабар алганы келдим. Апамдын ден соолугу жакшы. Өткөн жекшембиде облустан Гүлмира эже, райондон да келишти. Ал-акыбалыбызды сурады. Ошондой эле тамак-аш азык- түлүктөрүн да берип кетишти. Ыраазычылыгымды билдирем. Жакшы окуп, келекчекте дарыгер болуп, ооруган адамдардын ден-соолугуна кам көрөм», — деди 10 жаштагы Дебора.

32 жаштагы Саодатхан Кыдыкова учурда Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборунда дарыланууда. Анын үй-бүлөсүнө облустан, райондук мамлекеттик администрациясынан, айыл өкмөтүнөн жана билим берүү бөлүмүнөн ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE