Пример HTML-страницы

Чүй облусунун аймагында уруксатсыз орнотулган жарнама такталары алынууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун аймагында «Жарнама тактасы» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин талаптарын аткаруу максатында жолдордун жана көчөлөрдүн жээгинде жарнамалык такталарды, паннолорду, транспаранттарды, плакаттарды, афишаларды уруксатсыз орнотуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери жүрүп жатат.

Рейддик иш-чаранын алкагында уруксаты жок коюлган жарнамалык такталардын ээлерине протоколдор түзүлүп, мыйзамсыз жарнамалар орнотулган тактачалар алынып салууда жана түшүндүүрү иштери жүрүүдө.

Рейд 13-мартта башталган, ал 16-мартка чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE