Turmush — Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Иманалиев Болот Токтоналиевич дайындалды.
Маалым болгондой, бул кызматта Алтынбек Жапаров эмгектенип келген. Ал билим берүү министирлигине кеткендигин байланыштуу Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын тескемесине ылайык, Болот Иманалиев дайындалды. Аны жамаатка бүгүн, 16-январда акимдин орун басары Г.Суранчиева тааныштырды.
Б. Иманалиев 2023-жылдан ушул күнгө чейин С.Турсунов атындагы Бишкек агро-экономикалык колледжинин директору болуп иштеп жаткан.
Иманалиев Болот Токтоналиевич 1979-жылы 26-декабря Кант шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Билими:
1997-2002-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филолог, кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине окуган;
Мамлекеттик кызматынын 2-классынын кеңешчиси.
Иш тажрыйбасы:
— 2003-2004-жылдары Бишкек шаарындагы №35 орто мектеби — кыргыз тили жана адабияты мугалими;
— 2004-2006-жылдары Бишкек шаарындагы №35 орто мектеби — тарбия иштери боюнча директордун орун басары.
— 2006-2006-жылдары Бишкек шаарындагы №87орто мектеби — мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары;
— 2006-2006-жылдары Бишкек шаарындагы Свердлов райондук билим берүү борбору —жаштар саятсаты боюнча жетектөөчү адис;
— 2006-2007-жылдары Бишкек шаарындагы билим берүү башкармалыгы — жаштар саятсаты боюнча адис;
— 2007-2008-жылдары Бишкек шаарындагы билим берүү башкармалыгы — башкы адис;
— 2008-жылы Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы — тарбия иштери боюнча сектор башчы;
— 2008-жылы Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы — тарбия иштери боюнча жетектөөчү адис;
— 2008-2014-жылдары Кант шаарындагы №5 кесиптик билим берүүчү орто мектеп —директор;
— 2014-2023-жылдары Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
— 2020-2021-жылдары Билим берүү жана илим министрлиги — коллегия мүчөсү;
— 2023-жылдан бүгүнкү күнгө чейин С.Турсунов атындагы Бишкек агро-экономикалык колледжинин директору.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.