Пример HTML-страницы

Бишкек шаарында 21 жаштагы жигит кармалып, Таласка алынып келди

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Айтматов районунда издөөдө жүргөн жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Айтматов РИИБ тарабынан жылдын башында уурулук боюнча 3 фактыга шектелип, жоопкерчиликтен качып жүргөн жаранга карата издөө жарыялаган. Издөө иш аракеттеринин натыйжасында 2001-жылы туулган А.К. Айтматов РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын негизинде Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалды.

Шектүү Айтматов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE