Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош жолунда жансыз дене табылган. «Тойота Камри» башкарган айдоочу милицияга жеткирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылындагы жол кырсыктын кесепетинен адам өмүрү кыйылды.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, 27-октябрда саат 01:10 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 650-чакырымында Кара-Суу районунун 23 жаштагы тургуну М.М.нын башкаруусундагы «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышты карай бара жатып, жолдун түндук тарабынан түштүк тарабына өтүп бара жаткан 60-65 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жөө жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факты Кара-Суу РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлүп, жол кыл кырсыгына кабылган унааны айып короого киргизилген. Ал эми айдоочу тергөөгө алынып келип, сурак берип жатат.

Соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Буга чейин Кара-Суу районунда жолдун жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE