Пример HTML-страницы

Бишкек—Кара-Балта унаа жолунда жаңы төшөлгөн асфальт жарылып баштады. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылынын ортосунан Бишкек—Кара-Балта унаа жолу өтөт. Анда жаңы төшөлгөн асфальт жарылып, тешиктер пайда пайда боло баштады. Бул тууралуу айдоочулар билдирди.

«Унаа жол салынып, баары иретке келип жатканы жакшы көрүнүш. Бирок, анын сапатына жеткиликтүү көңүл бурулбай жатат. Маселен, Александровкадагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунда жаңы эле асфальт төшөлгөн. Эми ал ар жеринен жарылып, тешиктерди пайда кылууда. Биз ал жерлерди сүрөткө, видеого тартып алдык. Мындай көрүнүш көп аймактарда кездешет. Бул жерлер айдоочулар үчүн өтө кооптуу. Өзгөчө, жамгыр жааганда ага суу толуп, унааларыбыздын дөңгөлөгү түшүп кетип жатат. Мындай жоопкерсиздик менен жасалып жаткан жолго ким жооп берет», — деп айдоочулар нааразы болушууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE