Пример HTML-страницы

Бир учурда ата-баланы жерге беришкен

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районунда ата-баланын өлүмү боюнча айыпталуучулардын бирине жаңы өкүм чыкты.

Айыпталуучу Алибек (аты өзгөртүлдү, Б.А.) Кадамжай районунда туулган, бойдок, орто билимдүү, эч жерде иштебейт.

2022-жылдын 23-октябрынан бери камакта. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 122- беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-7-16-пункттары (өзгөчө мыкаачылык менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан эки же андан ашык адамды өлтүрүү), Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренеси (кошо катышуу) аркылуу 37 (кылмыш жасоого аракеттенүү) 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4-16-пункту (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан башка кишинин өмүрүн кыюу, ошол адам тарабынан кызматтык, кесиптик ишти жүзөгө ашыргандыгына же коомдук милдетин аткаргандыгына байланыштуу адамды же анын жакындарын) менен айып тагылган.

1994-жылы туулган А. уулу Ф. жана 2003-жылы туулган Алибек Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын тургуну Келдибой Шадиев жана анын уулу Келдибой уулу Раимбобонун өлүмү боюнча шектүү болушкан.

Көк-Талаа айылынын 61 жаштагы тургуну Келдибой Шадиев менен анын 29 жаштагы уулу Келдибой уулу Раимбобону атып өлтүрүп, 59 жаштагы Максуда Шадиеваны (маркумдун жубайы) уруп, жаракат келтирип, изин жашырып кетишкен.

Turmush басылмасына Максуда Шадиева окуя тууралуу айтып берген.

«Мал издеп чыгып кетишти эле. Кийин келип оокат (тамак) ичишти. Шам окуду (намаз). Шамдан кийин үйгө кирип кетти (күйөөсү). «Бир алма берчи» деди. Эки алма арчып бердим. Куптанды окуп жатып алдым эле. Көзүм илинип кеткен экен. Ал сыналгы көрүп жаткан. Ошол учурда кара кийимчен адам кирип, тарс этти. Мени балта менен 3 жолу урду. Буга чейин эч ким менен ызылдашкан эмес элек», — деген ал.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Алибек 2022-жылдын 18-октябрында саат 22:00 чамасында жашырынып, издөөдө жүргөн атасынын бир тууган агасынын баласы А. уулу Ф. менен алдын ала сүйлөшүп, башка адамдардын өмүрүн кыюуну макулдашкан. Алар жабырлануучулардын үйүнө кирип барып, Раимбобо уктап жаткан бөлмөгө кирип, ок атуучу курал менен 1 жолу башына атып, андан кийин үйдүн башка бөлмөсүндө уктап жаткан Келдибойдун оң жак көкүрөк бөлүгүнө жана сол жак бет тарабына атып, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Ал эми Келдибойдун жубайын балта менен башка урушкан.

Ошондой эле короодо токтоп турган унаага таңгак чөп салып, күйгүзүп, андан кийин мал сарайын жана үстүндө жыйналган чөптү күйгүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышты 1994-жылы туулган А. уулу Ф. менен 2003-жылы туулган Алибек жасаганы аныкталган. Алар изин жашырып, качып жүрүшкөн. 2022-жылы 22-октябрда Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Сарыбай айылындагы жаңы курулуп жаткан мечиттин чатырынын ичинде 2 жигит ок атуучу курал менен жаткандыгын ошол мечитте иштеп жаткан усталар көрүп калып, жакын жашаган жарандарга билдиришкен.

Бул маалыматты тактоо үчүн милиция кызматкерлери тез арада барган. Ошол учурда белгисиз 2 адам ок атуучу курал менен каршылык көрсөтүп, Сарыбай айылынын үстүндөгү түштүк-чыгыш тоо тарапка качып жөнөшкөн. Аларды кармоо максатында Кадамжай РИИБдин өздүк курамы, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлеринин жана ИИМдин Ош облусу боюнча атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун кызматкерлери артынан кууп барышкан. Алар куралдуу каршылык көрсөтпөстөн өз ыктыярлары менен багынып берүү жөнүндө катуу үн чагыруучу жабдык менен эскертүүсүнө карабай, милиция кызматкерлери тарапка ок чыгарып, аткылай баштаганда 3 милиция кызматкери жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жиберилген.

Ал эми кылмышка шектүү Алибек мыйзамдуу талаптарга баш ийип, багынган. Бирок кылмышка шектүү А.уулу Ф. куралы менен кайрадан милиция кызматкерлери көздөй атып, каршылык көрсөтө баштаган. Милиция кызматкерлери тарабынан биринчи ирет бутуна атылганына карабай куралдуу каршылык көрсөтө бергендиктен, башына ок тийип каза болгон.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө шектүүлөр өздөрү менен бирге алып жүргөн №F6368 сандуу үстүндө сайлуу («ТОЗ-8») жана сайсыз 28 каллибрдеги кош атар куралы, уктоочу кап (спальный мешок), 2 даана кара түстөгү асынуучу сумкалардын (рюкзак) ичинде жашоого шарт түзүүчү буюмдары менен кийимдер, ок-дарылары жана окту жасоого керектүү шаймандар (порох, дробь, эки түрдүү коргошундар) табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө каза болгон А.уулу Ф. буга чейин да өтө оор кылмыш жасап, аны жашырып жүргөнү аныкталган. Ал жубайын өлтүрүп, белгисиз жерге көмүп койгон.

«А. уулу. Ф жубайын мындан үч-төрт ай мурда өлтүрүп, өзү жашаган айылга жакын адыр талаага көмгөн экен. Кылмышын жашыруу максатында көмгөн жеринен казып алып, кайра башка жерге көмүптүр», — деп айтылган милициянын маалыматында.

Сот отурумда Алибек күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, 2022-жылдын 18-октябрында тоодо мал кайтарып жүрсө, сайдын ичиндеги камыштардын арасынан атасынын бир тууган агасынын баласы А.у.Ф. чыгып, чоң атасы Ш.К.нын үйүнө барып келүүнү суранган. Ага макул болбой, малдарды карай турганын айтса, «Сен эмне, сөз укпай калдыңбы?» деп аны сөгүп, ичине уруп коркуткан. Коркконунан макул болгон. Ал камыштардын арасынан мылтыгы менен балтасын алып чыкканда, «Буларды эмне алдыңыз?» деп сураганда, «Коён атабыз» деп айткан.

Жолдо келе жатып, «Аялыңызды эмне кылгансыз?» деп сураса, «Сага окшоп сөз укпады эле, өлтүрүп салдым» деп айткандыктан коркуп, башка эч нерсе сураган эмес. Чоң атасынын үйүнө «Кошо киресиң» деп мажбурлап алып кирип, үйгө киргенде чоң атасынын баласын атып жиберген. Андан чыгып, чоң атасынын бөлмөсүнө кирип, аны аткан. Чоң атасынын аялы чыгып, «Мындай кылба!» деп анын колунан кармап алганда, балта менен ур деп, аны коркутуп, мажбурлаганда коркуп, балтанын аркасы менен чоң энесин башына урган. Чоң атасынын уулунун аялы баласын көтөрүп сыртка чыкканда, «Үйгө кир, болбосо сени дагы балаң менен кошо атып таштайт» деп үйгө киргизген. Аларды да атууну көздөп, үйгө кирип бара жатканда колунан кармап, адамдар келе жатканын айткан. Мал сарайдагы чөптү күйгүзүп, кетип калышкан.

Жолдо кетип жатканда эмне үчүн мындай иш кылганын сураса, «Көп сүйлөбө, болбосо, үй-бүлөң менен атып таштайм» деп, жаагына уруп жиберген. Какыр айылы тарапка жол алышканда «Каякка баратабыз?» деп сураса, «Окуя болгон жерде милициялар көп, алысыраак барып турабыз» деп айткан.

Алибектин айтымында, А.у.Ф. аны коркутуп, жанында алып жүргөн. Мечитте түнөп, эртеси тоого качып жөнөшкөн. Артынан милиция кызматкерлер кууп келишкенде атасы «Атышпагыла, багынып бергиле!» деп кыйкырган. «Багынып берели» десе, А.у.Ф. «Ушул жерге жат, болбосо сени да атып таштаймын» дегенде коркуп, жатып алган. Атасы барып, жерге басып жатып алган. А.у.Ф. болсо милиция кызматкерлерине карата ок чыгарганда алар да атышканда ок тийип, жерге жатып калган. Аны атасы менен милиция кызматкерлеринин жанына алып чыгып берген.

Алибек шериги чоң атасын мылтык менен атып өлтүрө турган оюн билгенде качууга аракет кылмактыгын, үй-бүлөсүн атып кетпесин деп коркуп, шерик болуп жүргөнүн, каза болгон туугандары менен жакшы мамиледе болгондугун, тергөөдө стресс абалда көрсөтмө бергенин, сотто берген көрсөтмөсү туура экендигин, бул кылмышта күнөөсү жоктугун билдирип, актоону сурады.

Маркумдун уулу күбө жабырлануучунун өкүлү катары суралды. Анын айтымында, 2022-жылы 18-октябрда эртең менен атасы, иниси болуп жайлоого мал издегени барышкан. Малдарды таба албай, болжол менен саат 18:00 чамасында үйүнө келишкен. Саат 22:00 чамасында инисинин аялы «Атамды атып таштады» деп телефон чалганда атасынын үйүнө чуркап келсе, мал сарай өрттөнүп жаткан. Атасы жаткан бөлмөгө кирсе, бети-башы кан, диван менен шкафтын ортосунда жаткан. Ич тарабында жарааты болгон. Иниси жаткан бөлмөгө кирсе, асманды караган абалда көз ачылып жатканын, каза болуп калганын көргөн. Анын бетине ок тийип, көзү куюлуп калган. Келини менен апасы атасынын бир тууган инисинин балдары А.у.Ф. менен дагы бир бала атып кетишкендигин айткан. Милиция кызматкерлери Алибектин сүрөтүн көрсөткөндө келини тааныган.

2020-жылы тойдо атасы менен А.у.Ф.нун атасы сөз талашып урушуп кетип, сүйлөшпөй калышкан. А.у.Ф. окуяга чейин жашы жете элек кызга үйлөнүп, милиция кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөндүгүн, атасы менен инисин ал өлтүргөнүн, Аликбектин тиешеси жоктугун көрсөттү. Ал Алибек кечирим сурап, моралдык жана материалдык зыянды төлөп бергенин, алар бир туугандардын балдары экендигин, ишти кыскартып, жоопкерчиликтен бошотуп берүүнү суранды.

Тергөөдө жабырлануучу катары өткөн Максуда Шадиева сот отурумда окуя болгон күн тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жолдошу менен уулуна тамак бергенден кийин алар чарчаганын айтып, бөлмөлөрүнө кирген. Сыналгы көрүп отурса, эшиктен бир бала кирген. Ал жолдошунун инисинин баласы А.у.Ф. болчу. Ал колундагы мылтыгы менен дивандын үстүнө чыгып, уктап жаткан жолдошун атып салган. Мылтыгын кармап, «Мындай кылба!» деп эшиктин алдына чуркап чыкса, узун бойлуу бет кап тагынган бала колундагы балтанын арты жагы менен башына жана колуна урган. Мал сарайды өрттөп, автоунаага таңгакталган чөптү салып өрттөйүн деп жатканын көргөн. Андан кийин келини өз бөлмөсүнөн чыгып, баласын дагы атып кеткенин айткан.

Алибекти окуя болгон күнү тааныган эмес. Милиция кызматкерлери келип, сүрөтүн көрсөткөндө келини тааныган. 2020-жылы А.у.Ф.нын тою болуп жаткан учурда анын атасы менен жолдошу (Келдибой Шадиев) сөз талашып урушуп кетип, карама-каршы болуп, сүйлөшпөй калышкан.

Ал жолдошу менен уулун А.у.Ф. аткандыгын көрсөтүп, айыпталуучу Алибек ургандыгы боюнча кечиргендигин, тууган экендигин, материалдык жана моралдык зыянды толугу менен төлөп беришкендиктерин, жаштыгын эске алып, камактан чыгарып берүүнү суранды.

2023-жылдын 16-апрелинде өткөн сот отурумда жабырлануучу У.у.К. суралган. Анын айтымында, Ош облусу боюнча атайын багыттагы полктун ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер болуп иштейт. Шектүү катары изин жашырып жүргөн А.у.Ф. жана Алибек изделип, алардын жанында курал бар экендиги маалым болгон. Аларды кармоо үчүн Кадамжай РИИБдин өздүк курамы менен ээн талааларды, бузулган имараттарды, кароосуз калган үйлөрдү жана Өзбекстанга чектеш болгон жерлерди текшеришкен. Бул учурда Алибектин атасы келип, «Баламды тирүү кармап бергиле» деп суранып жатканын уккан. Болжол менен саат 14:00 чамасында шектүүлөр мечиттин жанында экени тууралуу маалымат келип, милиция кызматкерлери болуп барышкан. Каналдан өткөндөн кийин бакты аралап издешкен. Бактан чыккандан кийин алыс аралыктан эки адам чуркап кетип жатканын көргөн. Жергиликтүү тургундардын бири унаасына жүргүнчүлөрдү салып алып келе жатканда андан тоого жеткирүүнү суранган. Унаадагы адамдар бортту бошотуп берген.

4-5 милиция кызматкери менен кылмышкерлердин артынан түшүп, жогоруну көздөй бара жатканда ок атышуу болуп жатканын угушкан. Унаанын артына кызматкер жашынып, автоунаадан түшкөндөн кийин Алибектин атасы баласын көздөй чуркап жөнөгөн. Эки тизилген таштын алдында позицияда жаткан, бирок ташты тизгенин көргөн эмес. Алибектин атасы аны жерге басып жатып алган. А.у.Ф.га катуу үн менен «Колуңду көтөр, куралыңды ташта!» деп кыйкырган. Эскертүү иретинде биринчи асманга ок чыгарып, «Куралыңды ташта!» деп айтса, кулак салбай, өзүн карай чуркап куралын кезеп, ок чыгарган. Бул учурда көкүрөгүнө таш тийгендей болгон. Бирок ок тийгенин сезбей, коргонуу максатында жерге отуруп, анын бут тарабына аткан. Ал «зигзак» ыкмасында чуркап, аны көздөй келе жатканын көргөн. 5-6 ок атканда шектүүнүн бутуна ок тийгендей болуп, жерге бир жолу жыгылып, кайра отуруп аткылаган. Ок калбай калган учурда шектүү чуркап келе жатканда «Прикрой!» деп кыйкырган. Бирок артындагы милиция кызматкерлери сайга кетип калгандыгын көргөн.

Ок калбагандыктан аркага 5-6 кадам чегинип, кайра күжүрмөн магазинди октоп бурулганда, А.у.Ф. менен 50-60 метр бетме-бет келип, ок чыгарганда бети канап кеткен. Кийин «боёвой» огун октоп, 1 жолу ок чыгарганда А.у.Ф. жерге кулап калган. Бир аз карап туруп, кыймылдабагандыктан алдына биринчи болуп барып, гранатасы болушу мүмкүн деп кооптонуп, өзү жалгыз барып, куралын буту менен тээп, гранатасы бар же жоктугун текшерейин деп аны көтөргөн. Бирок алы алы жетпей, өзүн жаман сезе баштаган.

Милиция кызматкери А.у.Ф. көкүрөк жана бет тарабына аткандыгын жерге жыгылгандан кийин билген. Ошол жерде үнү жакшы чыкпай, милиция кызматкерлерине тез жардам чакыруу керектигин айткан. Алар атайын автоууна менен алып жөнөп, жолдо баратып кан кетип, өзүн бир жоготуп, кайра өзүнө келген. Ал учурда ден соолугу жакшы эмес экендигин көрөтүп, башка соттук отурумдарга ден соолугуна байланыштуу бара албастыгын билдирген.

Сот отурумунда Алибектин атасы көрсөтмө берди. Анын айтымында, 2006-жылы соттолуп, 2019-жылы мөөнөтү бүтүп, камактан бошоп келген. Камактан бошоп келип, айылда дыйканчылык менен алектенип жүргөн. Өзүнүн жумуштары менен жүргөн учурда агасынын (Келдибой Шадиев) уулу — иниси (Раимбобо) балдарына уурулук кылганды үйрөтүп, ит мурун уурдашкандыгын билип калган. Аны тарбиялоо аны катуу уруп салган. Ошондон кийин агасы менен катуу таарынышып, алар менен мамиле кылбай койгон.

2022-жылдын 17-октябрында үйүндө жаткан учурда кызына агасынын кызы телефон чалып, мал сарай күйүп жаткандыгын айткан. Аны угуп сыртка чыгып, өрттү көргөн. Бирок барган эмес. Окуя кандай болгонун көргөн эмес.

Андан кийин милиция кызматкерлери келип, баласы Алибек каякта экенин сурашкан. А.у.Ф. менен баласы мечиттин үстүндө жатат деген кабар келгенден милиция кызматкерлерине кошулуп барган. Милиция кызматкерлери тоого барганда ок атышуу болуп жаткан. А.у.Ф. менен уулуна «Багынып бергиле!» деп кыйкырган. Аларды көздөй барып, уулун жерге басып калганда, А.у.Ф. алардан 50 метрдей алыстаган. Милиция кызматкерлери атканда, ал да аларга ок чыгарган. Милиция кызматкерлери аны атып өлтүрүшкөн. Аларга басып бара жатканда уулу Алибек А.у.Ф.га «Багынып берели» деп айтканын уккан. Уулунан эмне үчүн бул ишке барганын сураганда, А.у.Ф. коркутуп, өзүнө шерик кылып алып жүргөнүн көрсөткөн.

Маркум жигиттин (Раимбобо) жубайынын көрсөтмөсү боюнча, окуя болгон күнү балдарын диванга жаткырып, телефон карап жактанда жолдошу бөлмөгө кирип келген. Экөө өз ара сүйлөшүп уктагандан кийин бирөө киргендей болгон. Үстүнө ысык нерсе чачылып кеткендей болгондо ойгонуп кетсе, жолдошунун бети кан болуп, кыймылдабай жаткан. Коркуп, баласын көтөрүп сыртка чыкса, Алибек колунда балтасы менен ага карап, «Үйгө кир, болбосо силерди да атып салат» деп айткан. Башка бөлмөгө баласын көтөрүп кирип, үн чыгарбай отурган. Бөлмөдө отурган А.у.Ф. мылтыгын көтөрүп киргенде Алибек «Буларды атпа, сыртта адамдар келе жатат, тез кетели» деп колунан кармап, алып чыгып кеткен.

Сот отурумунда башка күбөлөр да көрсөтмө берген.

Алибек Кызыл-Кыя шаардык сотунун 2023-жылдын 12-майындагы өкүмү менен 14 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Соттун өкүмү менен макул болбой, айыпталуучу, жактоочулар апелляциялык даттануу келтирген. Анда Алибек чоң атасы Келдибой жана агасы Раимбобо атылып өлтүрүлгөнүн көрүп, ошондой эле агасы А.у.Ф. атылып өлтүрүлгөнүн жана ал жерде болгон ок атышуудан улам коркконунан стресске түшүп, жаш болгонунан юридикалык билими жоктугунан тергөөчүнүн «Атаңды, апаңды, иниңди кошо жоопкерчилике тартам» деген коркутуусунан ал жазган көрсөтмөлөрдү окубай туруп, өзүнүн укук, милдеттерин түшүнбөй, тергөөчү тарабынан чакырылган жактоочу көрсөтмөсүнүн маанисин түшүндүрбөй, ал «Кол кой» деген жерине кол коюп бергенин көрсөткөн. Анын айтымында, бирок тергөөчү болуп жаткан ачык соттук отурумда берген көрсөтмөсүндөй болгон окуяны оозеки айтып бергенден кийин ал сурак протоколуна өзү каалагандай көрсөтмө түшүрүп, чындыкка дал келбеген көрсөтмөнү жазып, кол койдурган.

Алибектин айтымында, тергөөдө көрсөтүлгөндөй, атасы чоң атасы Келдибой Шодиев жана уулу менен жаман мамиледе болгон эмес, ортодо эч кандай аласа- бересе, бири-бирине карама-каршылык жок болчу. Тергөөдө тойдо айтышып кетип, сүйлөшпөй жүргөн деген сөз чындыкка дал келбестигин, соттук отурумда андай көрсөтмөнү эч ким берген эместигин айтты. Ошондой эле ал милиция кызматкерлери А.у.Ф.га «Ок берип турганын 300 метрден көрдүм» деп чындыкка дал келбеген жалган көрсөтмө беришкенин кошумчалады. Тергөө маалында андай көрсөтмө берген эмес.

Алибек алардын жалган көрсөтмө бергенинин себебин түшүндүргөн. Анын айтымында, 2023-жылдын 6-апрелинде соттук отурум башталарда жабыркаган К.Ш., К.у.Р.нын жана А.Б.нын жакындары Марказ айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Ж.О.го «Ушул кылмыштын келип чыгышына сенин күнөөң чоң. Себеби ушул окуя болордон мурун сага биз бир канча жолу Ф. куралчан жүрөт. Тез-тез айылга келип жатат, бир жаман окуя болуп кетпесин. Аны кармап, куралын алып коюш керек деп эскертсек, сен бизди тоготпой койдуң. Аны куралы жокто кармайбыз, силердин ишиңер болбосун деп текеберлик кылдың. Ошого сен дагы жооп бересиң» деп, аны менен кайым айтышкандан кийин, ал «Силерге көрсөтөм» деп, соттук отурумга кирип, жогорудагы чындыкка дал келбеген көрсөтмө берген.

Жактоочулар Алибекти Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренеси жана 145-беренеси боюнча айыптуу деп таап, ага карата абак менен байланышпаган жаза түрүн тандап, сот залынан боштууну суранышкан.

Соттун өкүмү менен макул болбой, Кызыл-Кыя шаарынын прокурорунун жардамчысы Г.М. апелляциялык сунуш келтирген. Ал Кызыл-Кыя шаардык сотунун 2023-жылдын 12-майындагы өкүмүн өзгөртүү зарылдыгын белгилеп, Алибекти өмүр бою эркиндигинен ажыратууну сураган.

Жыйынтыгында Баткен облустук сотунун соттук коллегиясынын өкүмү менен Кызыл-Кыя шаардык сотунун өкүмү өзгөртүлдү.

Алибек Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренеси аркылуу 37-122- беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4-16-пункттары менен мүлкүн конфискациялоосуз 11 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ө Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин негизинде дайындалган жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 13 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды.

Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

Нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттануу же сунуш келтирүүгө укуктуу.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE