Пример HTML-страницы

Биогумус өндүргөн ак-талаалык Дастан Иманбеков сөөлжан багуунун сырын ачыктады

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын тургуну Дастан Иманбеков алгачкылардан болуп биогумус өндүрүп баштады. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Дастан Иманбеков долбоор аркылуу 200 килограмм Калифорния сөөлжандарын алып келген.

«Айлана-чөйрөнү таза кармоо максатында долбоор даярдадык. Өзүңүздөр билгендей, айылда жаз-күз мезгилдеринде бакчаларды тырмап, акыр-чикир, жалбырактарды, короолордон малдын кыгы, кашектерин (мал жеген чөптүн калдыктары) чыгарып салабыз. Ошонун баарын өрттөйбүз. Айылды түтүн каптайт. Айрым учурда, дем алууга дагы мүмкүн болбой калат. Ал эми чет өлкөдө мындай кашек, малдын кыгы, акыр-чикирге жетпей зар болушат экен. Биогумус бул абдан баалуу, өзүнө бир топ микроэлементтерди камтыган, таза органикалык жер семирткич болуп эсептелинет. Аталган долбоордун колдоосу менен 200 килограмм Калифорния сөөлжандарын алып келдик», — деди Дастан мырза.

Бакчасына жер-жемиштердин түрүн өстүргөн Дастан мырза сөөлжан багууга жана биогумус өндүрүүгө эмне себептен кызыгып калгандыгын айтты.

«Өзүбүз бакчабызга түрдүү жер-жемиштерди өстүрөбүз. Сөөлжандарды багууга жана биогумус өндүрүүгө ден соолугубуз үчүн кызыгып калдым. Үй-бүлөбүз менен интернеттен көрүп калып, кызыгып кеттик. Мисалы, канчалык иштеп акча каражатын тапсак деле химиялык заттар менен өстүрүлгөн жер-жемиштерди пайдаланып, ден соолугубузга зыян алып келет экенбиз. Жылдап тапкан акчабызды кайра эле ден соолугубузга жумшайбыз. Колдон келсе органикалык таза жер-жемиштерди өстүрөлү дедик. Алгачкы өндүрүлгөн биогумусту бакчабызда өстүргөн жер-жемиштерге колдондук. Натыйжасын жер-жемиштер бышкан мезгилде көрө жатарбыз. Мындан тышкары элге биогумусту жана Калифорния сөөлжандарын сатыкка койдук. Сөөлжандардын 1 килограммы 100 сом, ал эми биогумустун 1 килограммы 20 сом. Албетте, базар баасынан баасы төмөн», — деди Дастан Иманбеков.

Ал сөөлжандарды 2 ыкма менен кыштан аман-эсен алып чыгышканын айтты.

Маалыматтын жабык бөлүгүндө сөөлжандарды багуу ыкмасы тууралуу жазылган.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE