Пример HTML-страницы

Беш жаштагы Амина шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарында өткөн шахмат боюнча чемпионатта беш жашар Амина Шергалиева чемпион болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Аминанын атасы Нурлан Шергалиев билдирди.

Анын айтымында, шахмат боюнча турнир окуучулар арасында 22-марттан баштап 29-мартка чейин созулган. Ага 480 катышуучу катышкан. Кыздар өзүнчө, балдар өзүнчө ойногон.

Амина Шергалиева 5 жаштагы кыздар арасында жеңүүчү болуп Шри-Ланкага жолдомо утуп алды. Ал жакка августтун аягында барышат.

Амина Шергалиева беште болгону менен 8-10 категорияда ойногон күчтүү кыздарды утуп келе жатат.

Аминага Олимпиаданын чемпиону Руслан Царев өзү сыйлыкты тапшырып, кубогун белек кылды.

Амина Шергалиеванын атасы Нурлан Шергалиев да шахмат боюнча Азиянын чемпиону. Бишкектеги балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин шахмат боюнча машыктыруучусу болуп иштейт.

Амина 2017-жылы 6-мартта төрөлүп, эки жашынан баштап шахмат оюнуна кызыга баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE