Пример HTML-страницы

Баткендин Чоң-Талаа айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Талаа айылында 225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу башталды, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка караганда, айыл өкмөтү тарабынан 1,4 гектар жер аянты мектеп үчүн ажыратылган. Курулуучу мектеп 2 кабаттан турат, 225 орунга ылайыкташтырылган.

Мектепти куруу мөөнөтү — 2023-жылдын апрель-август айлар аралыгына белгиленген.

Курулуштун тендердик баасы 83,2 млн сом.

Өткөн жылы чек арада орун алган куралдуу жаңжалда мектептин 2021-жылы курулуп, пайдаланууга берилген биринчи окуу корпусунун имараты толугу менен талкаланып, калган үч корпусу да жабыркаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE