Пример HTML-страницы

Баткендик Жылдыз айым сулуулук салонун ачып, 6 айылдын элине кызмат көрсөтүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Ак-Татыр айылынын 22 жаштагы тургуну Жанибек кызы Жылдыз үйүндө сулуулук салонун ачып, 6 айылдын элине кызмат көрсөтүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал буга чейин жаш кыздардын чачтарын жасап сулуулап турса, азыр атайын окууларды окуп кызмат көрсөтүүнү 8 түрүн жасап жатат.

«Буга чейин үйүмө тааныш, коңшулар келип, чач жасатып, бетин боетуп кетишчү. Анда акчага иштечү эмесмин. Бирок колумдан мындай иш келерин баары билип калышкан. Анан атайын курстарды окуп, тажрыйбаны алып, анан сулуулук салонун ачтым. Мында салондогу кызматтын 8 түрү бар. Бет тазалоо, каштарды 1 жылдык кылып боё дегендерге атайын окудум. Учурда Ак-Татыр айылынан сырткары Самаркандек, Жаңы-Бел, Паскы-Арык, Орто-Боз жана Көк-Таш айылдарынан кардарлар келип жатат», — деди ал.

Жылдыз кесиби боюнча педагог. Бирок жумуш оруну жоктугунан сулуулук салонун ачкан.

«Айыл жеринде көбүнчө жумуш табуу кыйын. Мугалим же медайым болсоң иштесең болот. Бирок мен кесибим боюнча иштебедим. Себеби мектептерде орун жок. Ошого ишкердик кылууну чечтим. Атайын шаарга барып иштегенге мүмкүнчүлүк жок. Балам жаш, аны караганы бирөө болушу керек. Анан үйдө отуруп иштөөнү туура көрдүм. Шарттарым анча жакшы болбосо да, кардардын көңүлүндөгүдөй кызмат көрсөтүүгө аракет кылам. Ушул чек ара аймактагы жаштарга, жумуш орундарын көбөйтсө же бизнес баштагандарга колдоо болсо, миграцияга кеткендер азаймак», — деди ал.

Жылдыз айым учурда 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE