Пример HTML-страницы

Баткенде жаңы көз жарган жаш келинди таппай калышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында жаңы көз жарган келин дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, келин бүгүн, 5-январда саат 06:00-07:00 чамасында Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнөн чыгып кеткен. Ал палатадан чай демдеп келе турганын айтып чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Келин 1-2 күн мурун операция жолу менен төрөгөн, ымыркай төрөт үйүндө.

Ал Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын тургуну. Учурда аны милиция кызматкерлери менен бирге жакындары издеп жатат.

Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, 5-январда Баткен ОИИБге Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгери 2004-жылы туулган Э.кызы.О. дайынсыз жоголгонун билдирген. Ал 4-январь күнү көз жарып, 5-январда саат 06:00 чамасында төрөтканадан чыгып кеткен.

Бул факты милицияга катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE