Пример HTML-страницы

Баткенде топтолгон аксакалдардын талабы аткарылып, айылга жаңы трансформатор орнотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Кара-Булак айыл аймагында кубаттуулугу 4000 кВА болгон трансформатор орнотулду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жергиликтүү дыйкандар аталган айыл аймактагы 300 гектарга чукул аянт электр энергиясынын жетишсиздигинен суу жетпей жатканын айтып чыгышкан. Анткени 2500 кВА кубаттуулуктагы трансформатордун күчү жетпей, насос суу алып бере албай калган.

Бүгүн, 30-май күнү Баткен электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор бөлүмү тарабынан Кара-Булак айылында жайгашкан «35/10 Кара-Булак» көмөк чордонунда мурда иштеп келген 2500 кВА трансформатор алынып, анын ордуна кубаттуулугу күчөтүлгөн 4000 кВА трансформатор орнотулду.

Буга чейин иштеп келген 2500 кВА трансформатору аркылуу чыккан электр энергиясы, Баткен районунун Бужум айылында электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны көбөйгөнүнө байланыштуу электр кубаттуулугу толук жетпей келген.

Натыйжада Бужум айылында жайгашкан суу насостору толук кандуу иштебей, дыйкандарга көйгөй жаралган. Баткен электр тармактар ишканасы элдин жана дыйкандардын суроо-талаптарын эске алып, кубаттуулугу көбөйтүлгөн 4000 кВА трансформатор орнотту.

Баткен районунун Бужум айылындагы электр энергиясынын жетишсиздигинен улам 300 гектар жер суугарылбай жатканын аксакаладар айтып чыгышкан.

«Баткен облусундагы мекеме-ишканалардын жетекчилерин эмне үчүн багып жатасыңар? Бул облустук администрациясынын, райондук электр тармактар ишканасынын, райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери жок дегенде айына 15 миң сомдон алса керек. Бирок биздеги маселелерди чече албаса, аларды эмнеге кармап отурасыңар? Алар иштей алышпаса кетиргиле, анткени бизде суу, электр энергиясы боюнча толтура маселелер бар. Көйгөйдү айтып ай сайын келебиз, бирок бир да реакция болбойт.

2023-жылдын 24-апрелинде биз жакка бардык жетекчилер келишкен. Алар Бужум айылындагы насостук станцияда «маселе бүгүндөн баштап чечилет, маселе болбойт» деп убада беришкен эле. Бирок мына андан бери канча убакыт өттү.

Төрт-Гүлдөн суу келет, андан ары насос менен сууну тартып, эгин талааны суугарабыз. Бирок жаз келип, талаа жумуштары башталгандан тарта бул жерлер бир катар суу иче элек. Анткени электр энергиясын бизге Баткен электр тармактар ишканасы толук бербей жатат.

Тактап айтканда, электр энергиясы аз болгондуктан насос таштап коюп жатат. Сууну суу чарба башкармалыгынан, электр энергиясын Баткен райондук электр тармактар ишканасынан сатып алабыз. Акчасын убагында төлөйбүз. Ушул көйгөйдү чечип бербесеңиздер, дыйкандар быйылкы түшүмдөн куру калабыз», — деген Кош-Көл суу пайдалануучулар ассоциациясынын башчысы Абдалим Жайнаков.

Баткен электр тармактар ишканасы электр энергиясынын көрсөткүчү нормалдуу экенин билдирет. Деген менен кечки саат 20:00дөн тарта керектөөчүлөрдүн саны көбөйүп, көрсөткүч төмөндөп кетүүдө. Андыктан Мамлекеттик энергетика инспекциясына Баткен электр ишканасынан текшерүү үчүн сунуш берилди.

«Бужум айылындагы «Ат-жолу» суу насосуна Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан номиналдык чыңалуу берилип жатат.

Бүгүнкү күндө «Баткен 110/35/10» көмөк чордонунан «Кара-Булак 35/10» көмөк чордонуна 35 кВ боюнча 37,5 кВ чыңалуу берилип, «35/10 Кара-Булак» көмөк чордонунун 10 кВ тарабында 10,1ден 9,6 кВга чейин көрсөтүп турат.

Бул көрсөткүч электр жабдуунун түзүлүштөрү боюнча, нормалдуу чыңалуу деп эсептелинет», — деп билдирген Баткен электр тармактар ишканасы.

Мамлекеттик энергетика инспекциясы аталган насостук станцияны текшерген соң, насостук станция туруштук бере алса, көрсөткүч жогорулайт. Же тескерисинче мүчүлүштүк насостук станциядан кетиши мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE