Пример HTML-страницы

Баткенде талкуу жараткан желек алынып салынды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында талкуу жараткан мамлекеттик желек алынып салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин активисттер Баткен шаарынын борборундагы туу Кыргызстандын мамлекеттик желегине окшошпой калганын айтып чыгышкан.

«Баткен облусунун борборуна көптөн бери туунун өз алдынча өзгөртүлгөнү илинип турат (түндүк менен күндүн нурунун көлөмү өзгөртүлгөн). Мамлекеттик символго болгон мамиленин эң төмөн көрсөткүчү десек болот. Тиешелүү жетекчилер биздин өзүбүздүн туубузду илип коюшуңуздарды талап кылабыз», — дешкен алар.

«Бул желек шаардын борборунда, областык администрациянын жанында турат. Башкача айтканда облус башчысы көз салып турса керек. Оңдотуп койсо болмок. Кантип өз желегибизди билбей калышат, тиешелүүлөр бул шалаакылыктары үчүн жоопко тартылсын дейт элек», — деди шаар тургуну Дарыбай Сабиров.

Жергиликтүүлөрдүн талкуусунан кийин желек алынганы белгилүү болду.

  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна 40 нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE