Пример HTML-страницы

Баткенде «Мыкты тарбиячы—2023» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында «Мыкты тарбиячы—2023» кароо сынагы өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Сынак Баткен шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгектенген 4 тарбиячы катышты.

Катышуучулар чыгармачыл педагогикалык билимдери менен бөлүшүп, иш тажрыйбаларын көрсөтүштү. Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

— 1-орун — «Алтын-Бешик» бала бакчасынын тарбиячысы Гүлмира Исакова;

— 2-орун — «Акжолтой-Баткен» бала бакчасынын тарбиячысы Уулжан Кубанычбек кызы;

— 3-орун — «Өрүкзар» бала бакчасынын тарбиячысы Акмарал Сабирова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE